Орусияда жаңыдан учуп бара жаткан учак бир адамды сүзүп кетип, ал каза болду

Орусиядагы Шереметьево аэропортунда Москва-Афины каттамы боюнча жаңыдан учуп бара жаткан учак адамды сүзүп кетип, ал каза болду. Бул тууралуу маалыматты аэропорттун басма сөз кызматы билдиргенин басылмалар жазууда.

"Жаңыдан гана учууга камданып жаткан учактын экипажы белгисиз зат менен сүзүшкөнүн диспетчерлерге маалымдаган. Аймакты кароого алган учурда эркек кишинин жансыз денеси табылган. Каза болгон адамдын аты-жөнү такталып, маалыматтын баары полиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп билдирген басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, окуя 20-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:10до катталган. Азыркы тапта окуя болгон жерде тактоо жана иликтөө иштери жүрүүдө. Каза болгон жаран кандай жол менен тыюу салынган жерге барып калганы такталууда.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jyldyz16
2018-11-21 11:09:20
Ажал жетелеп бардыда байкуш. Омуру тугонгон экенда
+4
bond02
2018-11-21 11:46:15
Ал кандай ал жакка барып калды экен, же астында жатып ондоп жатты бекен.
-1
Rahmatovich7
2018-11-21 12:11:08
Иши кылып бул да кыргыз жараны болбосунда
0
altyn7776
2018-11-21 19:30:51
Эмне деген шумдук? Самолет коюп кетти деген... Суицид да бул...
0
Jasa
2018-11-21 20:54:56
Армения жараны,испаниядан депорт болуп через москва кетиш керек экен арменияга,ал калып калууну коздогон москвада деп жазып атышат,окендер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан