Кытайдын желегин жерге таштаган Хи Ингли аттуу жөө күлүк талкуу чордонунда калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.Ал эми Вей Дзинг аттуу спортчу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына "жеңиш өлкөнүн желегинен дагы жогору турабы?" деген суроо салган. Өз кезегинде спортчу колдору тердеп, ным болуп калгандыктан желек колунан чыгып кеткенин жана ал аны атайын таштабаганын билдирген.
Көпчүлүк күйөрмандар жана жергиликтүү телеканалдар спортчуну коргоп чыгышкан. Айта кетсек, Кытайда улуттук символикаларга сый мамиле кылбаган жарандар катуу жазаланып 3 жылга чейинки убакытка эркинен ажыратылат.