Биз социалдык тармакта

Сүйүнүчү менен бөлүшүп! Кыргыз мушкери Рустам Ибрагимов кикбокс боюнча профессионалдар арасында Дүйнө чемпиону болду

Кыргыз мушкери Рустам Ибрагимов кикбокс боюнча профессионалдар арасында Дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 21-ноябрда мушкер Рустам Ибрагимов кабарлады.

Казакстандын Алматы шаарында каратэ боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп, анын алкагында кикбокс боюнча 3 профессионалдык беттеш орун алды. Рустам Ибрагимов К-1 түрүндө 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Рустам Ибрагимовдун атаандашы казакстандык Мухаммеджан Абдуллаев болду. Беттештин жүрүшүндө Рустам Ибрагимов атаандашына таамай соккуларды узатып, Абдуллаевди бир нече жолу нокдаунга кетирди. Абдуллаев 1-раундда беттешти улантуудан баш тартып, Рустам Ибрагимов чемпиондук курду тагынды.

Айта кетсек, Рустам Ибрагимов Азиянын 3 жолку чемпиону. 2018-жылдын май айында Чолпон-Атада өткөн кикбокс боюнча Азия чемпиондугунда "WAKO PRO" чемпиондук курунун ээси болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
futboler
2018-11-21 14:52:50
Азамат
+2
taalay25
2018-11-21 21:11:24
Маралбек агайдын окуучулары
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан