Баткенде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторун айдоочу отвёртка менен сайып салды

Баткенде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторун отвёртка менен сайып кетишти. Бул тууралуу маалыматты бөлүмдүн басма сөз кызматынан тастыкташты.

Белгилүү болгондой, окуя 19-ноябрда болгон. Анда инспектор жол эрежесин бузган айдоочуну токтоткон учурда ал буйрукка баш ийбей качып кеткен.

"Инспектор качып кеткен айдоочунун артынан кууп барып кармаган. Айдоочу мас абалында болгону аныкталган. Унааны атайын токтотуучу жайга киргизген учурда ал инспекторду отвёртка менен көкүрөккө сайып жиберген", - деп билдирди маалымат кызматы.

Окуя болгон учурда бөлүмдүн башка кызматкерлери кесиптешине жардам көрсөтүп, аны ооруканага жеткиришкен. Айдоочу кармалып, азыркы тапта испектордун абалы жакшы экенин жана аталган факт боюнча кылмыш иши козголгонун маалымат кызматы кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Tolkun555
2018-11-21 16:00:47
Тойгозсо керек да
+4
aida007
2018-11-21 16:59:46
Кудай сактасын баткендиктерге не болгон????
+8
rysik79
2018-11-21 17:00:09
Криминал баткенге кочкон окшойт. Эки кундун бири баткен.
+9
Gulnyr19
2018-11-21 17:46:01
Эмне болду Баткенге
+6
BekAmir
2018-11-21 19:44:08
Аны айдоочулар тушунот. Кееде жок жерден айып издеп тойгузушат гаилер
+5
tular
2018-11-21 21:19:48
ГАИде ХХХХХХ жок да. Мен лично бербейм правомды
-1
raykray
2018-11-22 10:22:45
Элдер кызык элебиз мас экен айдоочу?!ошо бойдон барып бир кокустук болсо карабайт мас айдашат дейсинер?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан