"Сахнада 25 жыл көз ачып жумгандай өттү". Асел Турдалиеванын концертинен фоторепортаж

Бүгүн, 21-ноябрдын кечинде Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, кыргыз эстрадасынын өркүндөшүнө салым кошкондордун бири Асел Турдалиеванын концерти өттү.

Концертти ырчы айым сахнага кадам таштагандыгына 25 жыл толгондугунун урматына уюштурган. Бул концерттин өзгөчөлүгү жалаң гана музыка, ыр эмес, театрлаштырылган көрсөтүүлөрдүн коштогонунда болуп жатты.

Көрүүчүлөр залдын 90 пайызын түздү.

Алып баруучулук милдетти режиссёр Назым Мендебаиров аткарды.

Концертте Турдалиева бир катар ырчылар менен дуэт ырдады. Алардын арасында Элзар Өскөнбаева, Кенже Көбөкөва, Гүлжигит Калыков, Съездбек Искеналиев, Токтобек Асаналиев, Урмат, Неля, Ирлан Таалайбеков жана башка ырчылар болду.

Асел Турдалиева менен Гүлжигит Калыковдун аткаруусундагы «Ак чөлмөк» дуэти жаңырды

Концерттин жүрүшүндө Турдалиева кызы менен сахна анын куштун эки канатындай, жашоодогу эң маанилүүлөр экенин айтып, кызына арналган чыгарманы аткарды.

Ырчы кызына арналган ырды аткарып жатып көзүнө жаш алды

Концерттеги кызыктуу номерлердин бири - Турдалиеванын "Ак Шоола" балдар хору менен биргеликте аткарган "А мен аяй баламын" аттуу ыр болду. Анда ырчы айымды 4-5 жаштагы 15 чакты бала коштоп ырдап, бийлеп келген көрүүчүлөрдүн купулуна толду.


"Бул концертти өткөрүүнү бир жыл мурун пландаган элем, соңку 3 айдан бери даярданып келдим. 25 жыл көз ачып жумгандай өттү, бир кезде мен устат, мугалим болгон ырчылар бүгүн менин досторум, сахналаштарым болуп калышты", - деди Турдалиева.

Айта кетсек, Асел Турдалиева Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин сырттан окуу факультетинин деканы, доцент.

Асел Турдалиеванын концерти
Асел Турдалиева сүйүүсүн чакырды
Келген ырчылардын баары менен дуэт аткарган Асел Турдалиеванын концертинен репортаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Samat777
2018-11-21 21:47:07
Концерт абдан жакшы отту. Ийгилик Асел айым. Итиниз чоп жеп, чыктаныныздан бал агып турсун.
+2
Aikaaaa
2018-11-21 21:56:04
Мага Асель эже жагат, ырдаганы да, актрисалык өнөрү да, профеционально аткарат
Ишиңизге ийгилик! Бар болуңуз! Өнөрүңүз өркүндөй берсин!

+1
Benazir08
2018-11-22 11:16:32
Молодец ушинтип эле жапжаш болуп журо бериниз. Такылдап ак так жургон эже го. Ишинизге ийгилик
0
Modric10
2018-11-22 14:36:53
Мага жакпайт аселдин уну ХХХХХХ ХХХХ
-6
admin_superstan
2018-11-22 15:12:37
Modric10, кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат!
+1
raida
2018-11-23 04:08:28
Modric10,Asel eje jivoi ajbai sonun yrdait eken ,Berlinge kelip konok bolup ajbai yrdap sagynychybyzdy taratyp ketken , eje bar bolunuz !! Sizdi jakshy korobuz ,elibizdin syimygy bolup juro beriniz
+2
Freemankg
2018-11-23 11:33:23
Modric10,ары жок сен кимсин ?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан