Бишкекте менчик компаниялардын кеңселерин тоногонго шектелип 5 жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Мааалыматка ылайык, борбордогу жоопкерчилиги чектелген коомдордун биринин директору Октябрь РИИБине арыз менен кайрылган. Анда 12-ноябрдан 13үнө караган түнү аталган жарандын кеңсесине белгисиз жарандар кирип, сейфти талкалап, андан 472 миң сом жана 1 миң 820 доллар акчасын ошондой эле керектүү документтерди жана фирмага таандык мөөрдү уурдап кетишкенин билдирген. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр изделип баштаган.
Ал эми 17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү Бишкектеги кичи райондордун биринде жайгашкан майда насыя берүүчү компанияга кол салуу болуп жатканда 5 жаран колго түшкөн. Алардын төртөө башка мамлекеттин жарандары болсо бирөө Кыргыз жараны экени аныкталган. Кармалган жарандардын унаасын текшерүүдө, 6 миң сом акча, отвёртка, кол кап, уюлдук телефон жана башка буюмдар табылган. Шектүү жарандар жогорудагы кылмышка тиешелери бар экени аныкталып, Октябрь райондук соту тарабынан 2 айга СИЗО-1ге камакка алынды. Учурда тергөө иштери башталды деп жазылат маалыматта.