Бишкекте кичинекей кызга сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасаган делип 37 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте 37 жаштагы жаран кичинекей кыздарга сексуалдык мүнөздөгү ыплас иш-аракеттерди жасап жүргөнгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Свердлов РИИБине жаран арыз менен кайрылган. Арызда анын 3-класста окуган кызына карата белгисиз жаран ыплас-иш аракеттерди жасоого аракет кылганын жазган. Бул факты боюнча ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында Бишкек шаарынын тургуну К.А. аттуу жаран кармалган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси "ыплас аракеттер" боюнча иш козголуп, тергөө иштери башталганын басма сөз кызматы билдирди.

“50 сом берем”. Бишкекте секелек кызды ээрчип, педофилдикке шектелген адам кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2018-11-22 14:07:24
Подстава !!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан