Асел Турдалиевага "Нарын облусунун ардактуу атуулу" наамы тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиевага "Нарын облусунун ардактуу атуулу" наамы тапшырылды. Мындай сыйлык ырчы айымдын сахнага чыкканынын 25 жылдыгына арналган концертинде берилди.

Турдалиеванын чыгармачылык мааракеси менен куттуктап өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнөн өкүлдөр, замандаштары, кесиптештери келишти. Нарын облусунун келген өкүл ырчыны облус башчысы Аманбай Кайыповдун атынан куттуктап, аталган наамды тапшырды.
Андан кийин ырчы өзү эмгектенген Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жетекчиси Студенттеринин зор ийгиликтерди жаратышына кошкон салымы үчүн Ардак грамота тапшырды.
Асел Турдалиеваны Кыргыз Куралдуу күчтөрүнүн атынан да куттуктап келишип, жарандарды мекенчилдикке чакырган ырлары үчүн ыраазычылык билдирди.
Айта кетсек, ырчы Асел Турдалиева 1969-жылы 13-сентябрда Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлүп, 6 айынан тарта Нарын облусунда чоң энесинин колунда өскөн. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын ортончусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tolkun555
2018-11-21 23:06:05
Азамат эже куттуктайбыз.бул наамдарга сиз татыктуусуз.
+1
Nurzada_0111
2018-11-22 01:07:33
Ушул эже жагат да тыпылдап. Кут болсун наамдарыныз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан