Британиялык актёр, жазуучу Хью Лори Британ империясынын командору болду

Британиялык белгилүү актёр, режиссёр, продюсер, жазуучу Хью Лори Британ империясынын ордени менен сыйланып, "Командор" наамын алды. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыгышты.

Ардактуу наам Хью Лоринин драматургияга, кинематография жаатына кошкон салымы үчүн ыйгарылган. Артистке орденди Британия империясынын мураскери, ханзаада Чарльз тапшырган. Сыйлоо аземи Букингем хан сарайында өткөн.

"35 жыл аралыгында Хью Лори карьерасында көптөгөн ийгиликтерди жасай алды. Ал бир эле мезгилде актёр, куудул, жазуучу, музыкант боло алган", - деген сыйлык тапшыруу аземинде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан