Түркиянын Кайсери шаарында Кыргыз жергесинде туулуп-өскөн ата-бала жылкы өлтүргөндүгү үчүн кармалды. Бул маалыматты haberturk басылмасы жазууда.
Маалыматка караганда, жергиликтүү жашоочулар эки чет элдик жаран жылкыны мууздап жатканын көрүп калышып видеого тартып алышкан. Андан соң бул тууралуу полиция кызматына билдиришкен.
Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери аларды камакка алган. Шаардын ветеринардык кызматы кармалган жарандарга 118 миң сом өлчөмүндөгү айып салган. Кармалгандарды суракка алганда алар жылкынын этин тамак-ашка колдонуу максатында сойгонун айтып беришкен.
Кошумчалай кетсек, Түркияда жаныбарлардын укугун коргой турган атайын мыйзам бар. Эгерде адамдар жан-жаныбарларды аёосуз кыйнап, себепсиз өлтүргөн факты катталса мыйзамда каралган белгилүү суммадагы айып салынат.