“АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!” акциясынын финалдык этабынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи

“Газпромнефть” тармагынын 20-апрелден тарта башталган “АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!” 2018-жылдын масштабдык акциясы ийгиликтүү аяктады. 16-ноябрда компаниянын кеңсесинде финалдык сыйлоо аземи өттү.

Акыркы 6 айдын ичинде миңдеген айдоочулар “Газпромнефттен” Евро-5 стандарттагы май куюп, белектер үчүн күч сынашты. Ар 2 айда Record радиостанциясын түз эфиринде көз карандысыз комиссия Random программасынын жардамы менен жеңүүчүлөрдү аныктап турду. Бул убакыттын ичинде дүйнөнүн каалаган жерине барып эс алуу үчүн эки жолдомо, үй тиричилик техникалар, спорттук жабдуулар, автоунаага керектүү бир топ белектер ойнотулду. Финалдык этапта башкы байге катары өзгөчө дизайнда жасалган жана 2018-жылы чыккан Renault Kaptur коюлду. Атаандаштык күч болду: башкы байгени утуш үчүн 296 миңден ашуун скретч-карталары катышты.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи “Газпром Нефть Азиянын” кеңсесинде өттү, популярдуу радиоди-джей Эрик Молдалиев аземдин алып баруучусу болду. Drive Cafe катышуучулардын бардыгына кофе жана таттуу азыктарды ооз тийгизди, ошондой эле аларга “Күйүүчү майдын жолу” VR-форматта көрсөтүлдү.

Сыналгылар, велосипеддер, ноутбуктар, күйүүчү майын алууга сертификаттар жана башка белектер өз ээлерин тапты. Ал эми жаңы Renault Kaptur’дун ээси Бишкектин тургуну Алия Алмазова болду. Ал атасы Алмаз Жээналиевдин скретч-картасын каттаган, ийгилик ага жылмайды. Алиянын апасы маршруттук таксинин айдоочусу болуп иштейт. Сыйлоо аземине Алия атасы менен келди. Белек унаанын ачкычын “Газпром нефть Азиянын” башкы директорунун орун басары Алишер Жолчуев тапшырды.

Алия Алмазова, башкы байгенин жеңүүчүсү:

“Башында жеңүүчү болгонума ишенген эмесмин. Компаниянын Instаgrаm расмий баракчасынан эфирди кайталап көрүп анан гана ишенгем. Чын эле бул түш көрүү эмес, мен унааны утуптурмун! Бирок, балким, адашып алдым деп баары бир толкунданып жаттым. Сыйлоо аземинде гана унаа меники экенин түшүндүм! Акцияны жана оюнду таза өткөргөн “Газпромнефть” тармагына рахмат. Компанияга өсүү жана өнүгүү каалайм, бактылуу жана ыраазы кардарлары көп болсун”.

Алишев Жолчуев, “Газпром нефть Азиянын” директорунун орун басары:

“Бүгүн “АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!” акциясы соңуна чыкты. Бирок алдыда бизди кардарларды дагы көп кызыктуу акциялар жана сунуштар күтөт. Ар күнү биз айдоочулардын “Газпромнефттен” май куюп ыраазы болуп кетиши үчүн иштейбиз”.

“Газпромнефть” май куюучу жайлар тармагы “АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!” акциясынын жеңүүчүлөрүн куттуктайт жана кардарларга катышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирет!

“Газпромнефть” май куюучу жайлар тармагы – биз сапардагылар үчүн чоң иштерди жасайбыз!

“АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!” акциясынын финалдык этабынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан