Бир нече жылдан бери качып Орусияда жүргөн кылмышкер аэропорттон кармалды. Ал айылына кетип бараткан жеринен колго түштү

Бир нече жылдан бери качып Орусияда жүргөн кылмышкер аэропорттон кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда SUPER.KG порталына ИИМден билдиришти.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, учурда бул факт боюнча ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Маалыматка ылайык, 20-ноябрда "Манас" эл аралык аба майданынан Орусиядан учуп келген 1968-жылы туулган Сузак районунун тургуну чек ара кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал мал урдагандыгы үчүн бир нече жылдан бери издөөдө жүргөн. Кармалган адам милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Ошол эле түнү кармалган адам аба майданынын транспорттук милициясынын камерасына камакка алынган. Бирок эртеси күнү ал камерадан качып кеткени аныкталган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 22-ноябрь күнү кечинде Жайыл районундагы Сосновка айлындагы посттон колго түшүрүлгөн. Ал Сузак районуна үйүнө кетип баратканы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ayka1994
2018-11-23 00:15:06
кызык бизде качып чыгып кетип бараткан жеринен кармалды деген сөз жокко эсе. качан карасаң кайтып келатып колго түшөт.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан