Алмазбек Атамбаевдин КСДПнын шайлоо штабындагы эсепчисине болгон коркутуулар тууралуу билдирүүсү текшерилет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делген маалымат тууралуу айтып жатып "Бул реалдуу документ. Бул бухгалтерия тууралуу штабдын бухгалтери да билчү. Ал эмгек өргүүсүнө чыгып, башка өлкөгө кетип калды, азыр өзүнүн өмүрү үчүн кооптонуп жатат" деген эле.
Ички иштер министрлиги алдын ала текшерүүлөрдүн жыйынтыгына таянып КСДПнын штабынын бухгалтери 11-ноябрь күнү Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кеткенин кабарлады. "Андан 4 күн өткөндөн кийин интернеттеги социалдык тармактарга шайлоо кампаниясында сарпталган каражаттар делген эсептер тараган. 18-ноябрда бухгалтердин уулу өлкө аймагынан чыгып кеткен. Бирок алар ИИМге арыз жазышкан эмес. КСДПнын бухгалтерин ИИМге кайрылып, өмүрүнө болгон кооптонуулар тууралуу керектүү маалыматтарды берүүнү суранабыз. Өлкөгө кайтып келсе анын коопсуздугун камсыздап, объективдүү иликтөө жүргүзүү милдетин алабыз", - деп айтылат маалыматта.