Москвада курулуп жаткан соода борборунда оор түтүктөр кулап, мигранттарды басып калды

Москвада курулуп жаткан соода борборунда оор түтүктөр кулап, мигранттарды басып калды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, соода борборунун курулушунда КМШ өлкөлөрүнөн келген мигранттар иштеп жаткан жерде оор түтүк кулап кеткен. Окуянын кесепетинен 2 адам жаракат алып, бирөө көз жумган.

Күбөлөрдүн айтымында, жабыркагандардын арасында бирөөнүн буту жулунуп кеткен. Учурда окуя болгон жерде куткаруу жана "Тез жардам" кызматы иштеп жатат. Азырынча жабырлануучулардын абалы жана алар кайсы өлкөнүн жарандары экендиги тууралуу маалымат жок.

Тышкы иштер министрлигинин SUPER.KG'ге берген маалыматына ылайык, жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары бар же жок экени белгисиз. Азыркы тапта окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Sagyn.91
2018-11-22 16:30:18
Кыргызбы, озбекби, башкабы, бирок жаман иш болуптур. Аттин, канча омур кыйылды экен((

Биздикилер такталган чакта деле кыйратышпайт! Офистерде отуруп кыйратып, жайгарышат!
+12
Patirot
2018-11-22 16:56:46
экоо Өзбек экен 1тажик
+3
Komrad
2018-11-22 16:59:23
Коопсуздук жагынан орустар да артта калды
+4
Sogushov
2018-11-22 18:39:26
Komrad,орустар озу жакшы эле, вот посредник фирмалар аларда эч кандай гарантия жок же айлык акынан же ден соолугунан
+7
Jasa
2018-11-22 18:50:44
Sogushov,Эртен эртен болот акча деп атып иш буткондо жок тапбай каласын,кр паспорт менен колундан эч нерсе келбейт деп койгула
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан