Кытайда унаа жолдон өтүп бара жаткан окуучуларды сүзүп кетти. Кырсыктан 5 окуучу көз жумуп, 20га жакыны жаракат алды

Кытайдын Ляони провинциясындагы Хулудао шаарында окуучулардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, кырсык кыймыл көп болгон чоң жолдо болгон. Анда жолду кесип өтүп, четке чыгып калган окуучулардын тобун унаа сүзүп кеткен.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, кырсыктан 5 окуучу көз жумуп, 18 окуучу ар кандай жаракаттарды алышкан. Унаанын айдоочусу окуя болгон жерден кармалган. Азыркы тапта тактоо жана иликтөө иштери жүрүп жаткандыгы жазылат маалыматта.

Кытайда унаа окуучуларды сүзүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ikitaidesu
2018-11-22 23:52:44
Балдар га кыйын болду...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан