Жалал-Абаддагы бала бакчада 3 жаштагы бала менен кыз тарбиячысы тарабынан сабалганы боюнча кылмыш иши козголду

Жалал-Абаддагы бала бакчада 3 жаштагы бала менен кыз тарбиячысы тарабынан сабалганы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Кечээ, 21-ноябрда бала бакчада тарбиячы кичинекей балдарга кыйкырып, урган видеосу тарап, бүгүн тарбиячы менен жардамчысы жумуштан алынган. Видеодо тарбиячы баланы башка уруп мал менен салыштырып, дагы бир кызды урганы тартылган.

Учурда факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (жашы жете электерди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Белгилүү болгондой, окуя Жалал-Абаддагы №21-бала бакчада орун алган. Милицияга арыз менен кечээ, 21-ноябрда Жалал-Абад шаарынын Дилфуза Д. аттуу тургуну кайрылып, анын 3 жаштагы кызын тарбиячысы урганын билдирген. Ал эми тарбиячы балдарды урбаганын айтып, муну анын жардамчысы уюштуруп, андан ушундай жол менен өч алганын айткан.



Жалал-Абаддагы бала бакчада тарбиячы кичинекей балдарга кыйкырып, урган видеосу тарап, ал иштен алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
asman.81
2018-11-22 19:53:11
Иштен алып коет бизде,эртен барып башка бала бакчага орношот.Биздеги эн оор жаза ушул.Баланы урган ХХХХХХХХ
+4
Feiza1982
2018-11-22 21:16:12
Колуңа шал тийсин ал дагы шакылдаган.Тилинин заарын карасаң ушунчалык үнүда ачуу экен. Башкаларгада сабак болчудай кылып сот жоопкерчиликке тартсын!!!
+1
Razzak.kg
2018-11-22 22:14:46
Ушундай окуяларды уга берип баламды детсадка бергенден коркуп калдым. Иштебесем да уйдо озум караганым жакшы.
+1
senchi
2018-11-23 08:13:10
Кудайым өзү сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан