Кыргыз Эл артисти Акылбек Абдыкалыков Казакстанда өткөн кинофестивалда "Эркектин мыкты ролу" наамын багындырды

Кыргыз Эл артисти Акылбек Абдыкалыков эл аралык кинофестивалда "Эркектин мыкты ролун" багындырды. Аталган кинофестиваль Казакстандын Алматы шаарында өткөнүн жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Абдыкалыков Темир Бирназаров режиссёрлук кылган "Түнкү кырсык" тасмасында башкы ролду жараткандыгы үчүн сыйланган. Мындан тышкары кинофестивалда мыкты фильм сыйлыгын колумбиялык режиссёр Жонни Хендрикс Инестростун "Канделария" тасмасы жеңип алган.

Бул фестивалда 40тан ашуун тасма көрсөтүлгөн. Ал эми сынак 3 бөлүктөн туруп, ага биринчи жолу түрк тилдүү мамлекеттер катышкан.

Буга чейин актёр Акылбек Абдыкалыков Лос-Анжелесте өткөн Азия-Тынч океан киноакадемиясынын кинофестивалында "Эркектин мыкты ролу" наамын жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан