Астротөлгө: 23-ноябрь күнү төрөлгөн адамдар колунан келген гана ишти жасоону жактырышабы?

23-ноябрь күнү төрөлгөн адамдар туруктуу, ачык-айрым, тамашакөй болушат. Алар жашоосундагы болуп жаткан көйгөйлөрдү туура нукка буруп, ар бир нерсенин жакшы жагынан караганга аракет кылышат. Башка жаачы белгисинде төрөлгөндөрдөн ушул сапаты менен айырмаланышат.

Бул күнү төрөлгөн адамдар жеке мамиледе романтикага жакын болгондуктан, күтүлбөгөн нерселерди жасап жибериши мүмкүн. Ошондуктан булар менен мамиле курууда бардык нерсеге даяр болуу кажет. Ал эми өнөктөшү менен канчалык сүйүү сезимдери жакшы болсо, мамилеси да узак убакыт сакталарына ишенишет. Ошондой эле булар абдан ишенимдүү, сүйүүнү баалаган адамдар болушат.

Бул күнү төрөлгөндөр эң биринчи туруктуулукту жана ишенимдүүлүктү баалашат. Ошондуктан иштей турган кесибин кылдат карап анан иштөөгө киришет. Алар күчкө салып эле ар кайсы жумушка мурдун тыга берүүнү жактырышпайт. Өзүнүн тажрыйбасына карап, билген жумушун гана аткарууну каалашат. Эгер алар бир иштен ийгилик жарата аларына көзү жетсе, ага жетүү үчүн болгон аракетин жумшайт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан