SUPER TV'нын "Жылдыздар кесибин алмаштырат" берүүсүнүн кезектеги коноктору - куудул Борончу Кудайбергенов менен ырчы Айнура Салахидинова. Алар өздөрүнө берилген тапшырма боюнча ашкана кызматкерлеринин жумуштарын аткарышты.
Атактуулар жумушту картошка аарчуудан башташты. Кимиси көбүрөөк аарчый турганына мелдешип, утулганы уткан адамга жаңы жылдык белек алып берүүгө милдеттендирилди. Андан соң эт туурап, идиш жууп ашкана жаатындагы иштерди жасашты. Куйкум сөздөрү менен элди күлкүгө бөлөгөн Борончу Кудайбергенов Айнура Салахидиновага идишти кантип туура жууш керектигин да үйрөтүүгө үлгүрүп жатты.
Бири-бирине атаандаша иштеген атактуулар өздөрүнө берилген тапшырманы канчалык деңгээлде аткара алышканын көрүү үчүн төмөнкү видеоматериалга назар салыңыз.