УКМК: "Бишкексвет" шаарды 2017-жылкы Жаңы жыл майрамына карата кооздоодо мамлекетке 8 миллион сомго жакын зыян келтирген"

Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы "Бишкексвет" муниципалык мекемесинин жооптуу кызматкерлери мамлекеттик бюджетке зыян алып келген факты аныкталды. Жана ошондой эле тиешелүү кызматкерлердин үстүнөн кылмыш иштери козголгон. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

"2016-жылы "Бишкексвет" муниципалдык мекемесинин жана шаардык мэриянын жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар" жөнүндөгү мыйзамын одоно бузушкан. Алар 2017-Жаңы жылга карата шаарды жасалгалоо үчүн сынак өткөрбөстөн "GrandPRO" аттуу ЖЧКны жеңүүчү деп таап, бул фирма менен 16 миллион 250 миң сом өлчөмүндөгү келишимге кол койгон. Мындан тышкары "Бишексвет" муниципалдык мекемесинин кызматкерлери аткарган иш үчүн "GrandPRO" ЖЧКсына кошумча дагы 2 миллион 19 миң сом өлчөмүндө каражат мыйзамсыз которулган. Жасалгалоо боюнча түзүлгөн актыда аткарылган иштер жана майрамдык жасалгалоого керектелүүчү материалдарды сатып алуу үчүн 13 миллион 258 миң 500 сом сарпталганы жазылган. Ал эми "GrandPRO" ЖЧКсынын бажыга тапшырган декларациясында жасалгалоо үчүн 7 миллион 427 миң 900 сом керектелгени жазылган. Сандардын мындай дал келбөөсүнөн улам, мамлекеттик казынага келтирилген чыгым 5 миллион 830 миң 600 сомду түзгөнү аныкталган. Ошентип, жалпы жонунан мамлекеттик бюджетке 7 миллион 849 миң 600 сом өлчөмүндөгү зыян келтирилген", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
souza.j
2018-11-23 12:55:31
Охоо кандай акчалар.
+1
Jagalmai92
2018-11-23 13:17:06
Мына Албек Ибраимовдун тушунда болбогон нерсе учун казынадан гилтейген каражатты кымырып алыптыр. Ошол кездеги мэр элге куйсо козомолдомок. балким болушкон бул акчаларды
+1
CEO1
2018-11-23 15:15:26
Jagalmai92, бугун абал озгоруп кеттиби?! Бир ууру кетти, ордуна башка ууру келди. Орун алмашуудан сумма озгоргон жок...
0
CEO1
2018-11-23 15:16:35
Негизи 18-19 миллион эмес, 1-2 миллион эле кетсе керек. Дагы 5-7 миллион кустуруш керек!!!
+1
Saidochka
2018-11-23 22:59:11
Ушуга окшогон пайдасыз майрамдарды жыйыштырып тынч эле жашабайлыбы туугандар,бизге окшогон этеги женине жетпеген кедей өлкө үчүн ушунча акчаны асманга сапырып жиберген туурабы?ошол акчага башка тешигибизди бүтөп албайлыбы?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан