ЖЫЛНААМА, 24-НОЯБРЬ: Ырчы Кубаныч Сатаев туулган күнүн Бишкектеги ресторандардын биринде белгилейт
Бүгүн, 24-ноябрда легендарлуу ырчы Чубак Сатаевдин уулу, ырчы Кубаныч Сатаев 36 жашка толду. Ырчы туулган күнүн достору менен белгилей турганын SUPER.KG порталына билдирди.
"Маанайым абдан жакшы. Туулган күнүмдү үй-бүлөм, досторум, жакын адамдарым менен биргеликте Бишкектеги ресторандардын биринде белгилейли деп жатабыз. Азыр даярданып жаткан убагыбыз", - деди ырчы.
Ырчынын "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:
Экөөбүздүн окшош жерлерибиз көп, мен ырчынын баласы, ал ырчынын кызы, сүйлөшө келсек оюбуз бир. Эки жылдын ичинде бири-бирибизди сынап отуруп үйлөнүүнү чечтик. Бактыма жараша, Кундуз мени бардык жактан колдоп келет".
Белгилей кетсек, Кубаныч Сатаев Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында туулган. Ал атасынын атын өчүрбөй, ырларын кайрадан жаңыртып элге тартуулап келет.
Учурда жубайы Кундуз Авашова экөө 3 уулдун ата-энеси.
24-ноябрга карата жылнаама.