Чүй облусунун Дөӊ-Арык айылындагы үй-бүлө мүчөлөрүнө болгон кол салууга шектүүлөр кармала элек. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматкери бүгүн, 23-ноябрда SUPER.KG порталына билдирди.
Басма сөз кызматкеринин айтуусунда, учурда ыкчам-иликтөө тобу тарабынан кылмышка шектүүлөр изделүүдө.
Эске салсак, Чүй облусунун Дөң-Арык айылында 1 үй-бүлөгө кол салуу болуп, атасы жана апасы, уулу оор жаракаттарды алышкан. Ал эми Токмок аймактык ооруканасынын директорунун билдирүүсүндө жабыркаган жарандар айрынын сабы менен сабалганын айткан.