Социалдык тармактарда окуучу кыз сабалганы тууралуу видео тараган. Бул боюнча Ош ШИИБинин басма сөз кызматы төмөндөгүчө билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, окуя 21-ноябрь күнү болжол менен саат 11:00 чамасында болгон. Видеодо бети канаган, жабырланган кыз Ош шаарынын мектептеринин биринде 11-класста окуйт. Жашы 16 да. Ал эми аны сабаган кыз Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын тургуну, 2002-жылы туулган.
"Алгачкы маалыматтарга караганда, жабырлануучуну урган кыз мурда да эки жолу уурулук жана бейбаштык боюнча соттолгон. Учурда дагы бир уурулук иши Кара-Суу РИИБинде каралып жатат. Шектүү кызды апасы жалгыз тарбиялап чоңойткон. Ал эч жерде окубаганы жана иштебегени аныкталды. Ал эми эки кыздын видеосун тарткан кыз Отуз-Адыр айылынан болот. Ал дагы эч жерде окубай турганын айтты. Ошондой эле ал көрсөтмөсүндө медреседе окуп, ден соолугуна байланыштуу окуудан чыгып кеткенин айткан. Жашы 17де, Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда жашайт", - деди басма сөз кызматкери.
Алгачкы териштирүүдө белгилүү болгондой, 18-ноябрда жаңжалдашкан кыздар Инстаграм социалдык түйүнү аркылуу байланышып, ѳз ара бири-бирине жаман сөздѳрдү жазышып, урушуп кетишкен. Кыздар өз ара маселесин чечүү максатында Ош шаарынын "Космонавттар" эс алуу багында жолугушууну сүйлөшүп, ошол жерде 21-ноябрда саат 11:00 чамаларында жолугушкан. Андан соң эс алуу жайынан алыс эмес жердеги менчик турак үйлөр тарапка барып, урушушкан. Аны видеого тарткан кыз ошол эле күнү досторуна видеону таратып жиберген. Окуя ШИИБдин кылмыш каттоо китебине "бейбаштык" катары катталган.
"Учурда кыздар бири-бирине арыз жазуудан баш тартууда. Окуя Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергѳѳ кызматы тарабынан толук жана ар тараптуу териштирилүүдѳ. Кыздардын туугандары да суракка чакырылды", - деди басма сөз кызматкери.