Бишкекти каптаган түтүн. Унааларга кайсы жактан экологиялык таза май куйса болот?

Экологдор жана атка минерлер Бишкектин үстүн каптаган кара түтүндүн негизги себеби катары шаардагы унааларды жана аларга куюлуучу сапатсыз күйүүчү майды санап келишет. Европа өлкөлөрүндө тээ 2004-жылы эле ЕВРО-5 стандартындагы унаадан чыккан газдагы зыяндуу заттарды жөндөп турган нефть продукцияларына өтүшкөн. Орусия, Армения, Беларуста бул нерсе 2016-жылы ишке ашса, Казакстан бул стандарттагы күйүүчү майларга былтыр өтүштү. Ал эми Кыргыз өлкөсү муну 2019-жылдын август айында ишке ашырышы керек.

Экологдор коңгуроо кагышууда. Бишкектеги абанын булгануусунун көрсөткүчү 6 эсеге жогорулап кетти. Борбор калаада каттоого алынган автоунаалардын саны 400 миңден өйдө. Ал эми Бишкекке башка региондордон жана Чүй облусунан кирип чыккан унаалардын саны деле күнүнө ушундай, 400 миңдин айланасында.

Орто эсеп менен 1 унаага сарпталган күйүүчү майдан жылына абага 135 килограмм көмүркычкыл газы, 25 килограмм азот кычкылы, 20 килограмм көмүрсуутек, 4 килограмм күкүрттүн диоксиди, 4 тонна кооптуу заттын биринчи сабында турган газ абалындагы органикалык жыйынды жана 1 килограмм 200 грамм катуу бөлүкчөлөрдү бөлүп чыгарат.

Ал эми Бишкектин абасына жылына болжол менен 54 миң тонна көмүркычкыл газы, 10 миң тонна азот кычкылы, 8 миң тонна көмүрсуутек, 1600 тонна күкүрттүн диоксиди, 4 миң тоннага чейин газ абалындагы органикалык жыйынды, 480 тонна катуу бөлүкчөлөр бөлүнүп чыгат.

Мындай аба менен биз бардык жерде дем алабыз: көчөдө, үйдө, айрыкча автоунаанын салонунда.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адистери белгилегендей, иштетилген газ адамдын организмине киргенде эң көп дем алуу органдары жабыркайт. Бул коркунучтуу оорулар болуп саналган астма, аллергия, бронхит, гайморит сыяктуу жана башка ооруларды чакырат. Ошондой эле азоттун оксиди дем алуу органдарынын жолдорун дүүлүктүрүп, сезгентүү менен залалдуу шишикке чейин жеткириши ыктымал. Мындан тышкары нерв жана жүрөк-кан тамыр системасына терс таасирин тийгизет.

Үзгүлтүксүз оору, баш оору, энтигүү, баш айлануу, шалдыроо, кыжырлануу, уйкунун бузулушу сыяктуу организмдин иштөөсүнүн бузулушу мунун баары экологиянын жана айлана-чөйрөнүн абалы менен түздөн түз байланыштуу.

Иштелип чыккан газдын компоненттери саналган коргошун менен күкүрт адамдын организмине отурукташып, топтоло берүүчү касиетке ээ. Ал нерсе бара-бара күтүүсүздөн эле дем алуу органдарындагы залалдуу шишик сыяктуу олуттуу ооруга алып келиши мүмкүн. Көпчүлүк адамдар, тилекке каршы, буга маани бербестен унутуп деле коюшат.

"Акыркы учурларда чылым чекпеген же зыяндуу өндүрүштө иштебеген эле адамдардын арасында онкологиялык оорулардан көз жумгандардын саны кыйла көбөйүп кетти. Мунун баарына биз дем алып жаткан абанын ракка жеткирчү уулуу негиздерден турган коктейль болуп баратканы себеп", - деп белгилейт рак илдетин изилдөө боюнча Эл аралык агенттиктин изилдөөчүлөр тобунун жетекчиси Курт Страйф.

Күкүрттүн диоксиди суу менен өз ара аракеттешүүсүндө күкүрттүү шакарды негиздейт. Бул зат кандай гана нерсе менен аракеттешпесин, аны жок кыла турган эң коркунучтуу химиялык кошунду болуп саналат.

Абалдын турукташуусуна ар бир автонун ээси өз салымын кошо алат. Унаалар үчүн экологиялык таза күйүүчү майды колдонуу күкүрттүн диоксидин, көмүркычкыл газын, азот кычкылын жана газ абалындагы органикалык кошундулар сыяктуу зыяндуу заттардын абага тарашын азайтат.

Европада ЕВРО-4төн ЕВРО-5 экологиялык стандартына өтүү менен унаанын кыймылдаткычында күйгөн дизель майынан чыккан истүү газдын курамы 20 пайызга азайган. Ал эми бензинден чыккан истүү газ 25 пайызга, көмүркычкыл газы жана азоттун оксиди 25 жана 20 пайызга дээрлик кыскарган. ЕВРО-4 стандартына чейин Европанын аймагындагы өлкөлөрдө ЕВРО-3, ага чейин ЕВРО-2 стандарты колдонулуп келген.

Кыргызстан унаалардан бөлүнүп чыккан зыяндуу газдын пайызын азайтууну мындан жогорку деңгээлге жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Советтер Союзунан бери келе жаткан азыркы эскирген мамлекеттик стандарттарга байланыштуу өлкөдө бир дагы европалык стандартка жооп бербеген, сапатсыз күйүүчү майлар колдонулуп жатат. Ал эми зыяндуу заттардын көлөмү нормадан жүз эсеге көбөйүүдө.

Өкмөттүн берген маалыматына таянсак, ЕВРО-5 стандартындагы күйүүчү майдын импорту 2017-жылга карата 400 миң тонна болгон. ЕВРО-2 стандартына жооп берген 2-класстагы дизель жана бензин 95 миң тонна менен токтогон, ал эми 3-класстагы күйүүчү май 132 миң тонна болсо, стандарттык таптан тышкаркы күйүүчү майдан 315,5 миң тонна алып келинген.

Жаңы стандарт бир гана экологияга оң таасирин бербестен, автоунаанын иштешине да жакшы таасирин тийгизет. Бүгүнкү күндө автоунаага экологиялык класстагы ЕВРО-5 күйүүчү майын куюу мүмкүнчүлүгү бар.

Эксперттер жакшы сапаттагы май кыймылдаткычтын ресурсун 1,5-2 эсеге жогорулатып, дат басуу коркунучун төмөндөтүп, майдын күйүү процессин жакшыртат.

Сапаттуу нефть продукцияларын ишке киргизүүгө Кыргыз өлкөсүндө алгачкы болуп "Газпромнефть" май куюучу түйүндөрү киришкен. Компаниядан күйүүчү майдын сапатын бардык этаптарда Омск нефть иштетүүчү заводунан май куюучу жайларга чейин кантип текшерүүдөн өткөрүлөрүн айтып беришти.

Нефть продукциялары үч тепкичтүү текшерүүдөн өтөт: алгач күйүүчү майды кабыл алып жатканда цистерна-вагондордон, андан соң автоцистерналарга куюлуп жаткан учурда жана соңунда май куюучу жайдан күтүлбөгөн сапаттык көзөмөл. Май куюучу жайлардагы резервуарларга куярдан мурун станциянын адистери анализ жүргүзүү максатында куюлган майдын тыгыздыгын, басымын, түсүн, тунуктугун, суу аралашмасынын жоктугун текшерүүгө алышат. Андан ары суу кошулуп кетпегенин билип туруш үчүн күнүгө анализ жүргүзүлүп, жер алдындагы резервуарларга орнотулган датчиктеги көрсөткүчтөр каттоого алынып турат. Бул чаралар башка суюктуктардын майга аралашып кетүү коркунучун чектеп турат.

Компаниядан белгилешкендей, ар бир этаптан анализ алынып турат. Алынган анализдер "Газпром нефть Азия" компаниясынын Канттагы борбордук лабораториясынан изилденет. Аталган жай нефть өндүрүмдөрүнө эң сапаттуу анализ жүргүзө турган жабдуулар менен жабдылган Кыргызстандагы бирден бир лаборатория.

"Газпромнефть" май куюучу жайлар түйүнүнө келген күйүүчү майдын ар бир партиясы Евро-Азия экономикалык биримдиктин техникалык талаптарына жооп берген сапат паспортуна ээ, а, эң башкысы ЕВРО-5 жогорку экологиялык стандартка жооп берет", - деп белгилешти компаниядан.

"Газпром нефть Азиянын" коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башкы адиси Айжан Тыналиева күйүүчү майдын жогорку сапаты жана айлана-чөйрөдөгү ыңгайлуу шарттарды колдоого карата жоопкерчиликтүү мамиле болуп келген жана "Газпромнефть" май куюу түйүндөрү үчүн бул аракеттер алмашкыс артыкчылык болуп кала берерин белгиледи.

"Айдоочунун унаасынын багына куюлган күйүүчү май жаңы иштетилип чыкканда кандай болсо ошондой сапатта жетиши үчүн биз компанияга сапат көзөмөлдөөчү системаны киргизгенбиз. Бул сапатты көзөмөлдөөчү ыкма өлкөдөгү мотор майлары рыногундагы эң уникалдуу ыкма экенин сезүү абдан жагымдуу", - деди ал.

ЕВРО-5 классындагы бензинди тандоодо автоунаа ээси 3 эсе пайда көрөрүн түшүнүү оорчулукка деле турбайт. Ал сапаттуу күйүүчү майды куюп алат, аба катмарына бөлүнгөн зыяндуу заттардын көлөмүн азайтат жана сүйүктүү унаасынын көпкө кызмат кылышын камсыздай алат.

Жакынкы "Газпромнефть" май куюучу түйүнү кайда жайгашканын билүү үчүн интерактивдүү картаны караңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан