Алай районунда айдоочу рулду башкара албай унаа оодарылып кетип, 32 жаштагы жүргүнчүсү каза болду

Алай районунда катталган жол кырсыгында жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда SUPER.KG порталына Ош облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 22-ноябрда Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чоң-Каракол аймагында орун алган. Анда Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаанын 1981-жылы туулган М.У. аттуу айдоочусу Ош-Иркеч-Там унаа жолунун 143-чакырымынан кырсыкка кабылып, унаа бир нече жолу аласалып, 1986-жылы туулган А.Ж. аттуу жүргүнчүсү каза болуп калган. Жол кырсыгы катталган жерге келген милиция кызматкерлери маркумдун денесин Алай райондук оорукананын өлүк сактоочу жайына өткөрүп беришкен.

Учурда бул жол кырсыгы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан