Бишкекте мамыны сүзгөн унаа экиге бөлүнүп кетти. Кырсыктан 26 жана 22 жаштагы жигиттер каза болду
Бишкекте Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жеңил унаа кырсыкка кабылып 2 адам каза болуп, дагы бир адам ооруканада. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Жылдыз Түлеевадан маалымат алдык.
Билдирүүгө ылайык, кырсык 24-ноябрда таңга жуук саат 4:00гө жакын шаардагы 7-Апрель көчөсүндө болгон. Анда Мерседес-Бенц жеңил унаасы мамыны сүзүп алып, унаа экиге бөлүнүп кеткен.
"Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, айдоочу рулду башкара албай калган. Ал мамыны сүзгөндө унаасы 2ге бөлүнүп кеткен. Машинанын ичинде 3 жигит болгону белгилүү болду. Алар Чүй облусунун тургундары экендиги аныкталды. 26 жаштагы айдоочу жана анын жанында келе жаткан 22 жаштагы жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган. Дагы бир жүргүнчү дароо ооруканага жөнөтүлдү. Бул боюнча териштирүү иштери башталып, тергөө жүрүүдө. Анын жүрүшүндө кырсыктын келип чыгуу себептери белгилүү болот", - деди Түлеева.
Ал белгилегендей, кырсык орун алган учурда ал дарекке Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөр, куткаруучулар жана "Тез жардам" кызматы келген.