Бүгүн, 25-ноябрда эртең менен Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда 2 кичи автобус сүзүшүп, 8 адам жабыркады. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгына байланышканыбызда маалымдады.
Маалыматка ылайык, кырсык Ырдык айылына жакын жерде болгон. 2 кичи автобус бири-бирине карама каршы келе жаткан, унаалардын бири жолдун экинчи тилкесине чыгып кетип, кырсык орун алган. Кичи автобустун бири Тамга-Каракол унаа каттамында жүргүнчү ташыган. Экинчиси Бишкек шаарындагы туристтик агенттиктердин бирине тиешелүү унаа. Эки унаада биригип жалпы 14 жүргүнчү келе жаткан.
Жабыркагандар Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасына жеткирилген. Анын арасында 1 адам жандандыруу бөлүмүндө, дагы бешөө сынык-жаракаттар бөлүмүнө жаткырылып тийиштүү медициналык жардамдар көрсөтүлгөн. Дагы 2 адамга үйдө дарыланууга дайындалган. Учурда бул боюнча Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы иш алып барууда.