Казакстандан бензинди мыйзамсыз ташып келе жаткан адамдар кармалды

Казакстандан бензинди мыйзамсыз ташып келе жаткан үч Кыргыз жараны "Чоң-Капка" өткөрүү жайынан кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, 24-ноябрда чек арачылар Казакстан тараптан келаткан бир жүк ташуучу Транзит жана эки жеңил унааны көзөмөл өткөрүү жайынан токтотуп текшерүүгө алышкан. Токтотулган унаалардан желим канистрлер менен кошумча орнотулган бактар табылып, алардын ичинен 1 тонна 500 литр бензин алынган. Бирок жүктү алып өтүүдө унаа ээлеринин тийиштүү документтери жок болуп чыккан.

Жыйынтыгында чек арачылар мыйзамсыз жол менен бензин алып өтүүгө аракет кылган үч жаранды жүгү менен кошо аймактык милиция кызматына өткөрүп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nuke_A
2018-11-26 09:55:14
таможенный союзга киргенде деле товарды расстаможка кылыш керек болобу ошондо
0
akylbekkg
2018-11-26 10:19:14
Кыйратыптырсынар! Аябай чон кылмышты кармаган турбайсынарбы!! Бравоооо!!!
+3
Umakg
2018-11-26 11:41:35
Карапайым элди кармайсынар фуралар корунбойбу силерге тоналар
+2
aza84
2018-11-26 11:59:41
Мындай корунуш кунуго эледа мисалы Таласка катаган автобустар баратып 2 тонна келатып 2 тонна алып отушот эчким унчукпайтко аны элдин баары эле билет границадан откондон кийин заправкасы буткучо 1 саатай кутобуз ушуну иликтеп берсенер жакшы
+1
Mers124
2018-11-26 15:28:05
Баарыбыз бажы союзундабыз. Бирок Казахстанда россияга тиешелуу газпромдун бензини 28 сом. Бизде 44 сом. Себеп эмнеде. Чондорубуз экономиканы ойломуш болуп отурат. Ушул жерде бир эле киши ортомчу болуп отургандай. Супер ушул маселени сураштырсанар боло.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан