Кыргыз спортчу Японияда өткөн дзюдо боюнча эл аралык мелдеште 5-орунду ээледи

Кыргыз спортчу Владимир Золоев Японияда өткөн дзюдо боюнча эл аралык мелдеште 5-орунду ээледи.

Осака шаарында өткөн Гран-При мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн жалпы 8 спортчу катышкан. Алардын арасынан эң ийгиликтүү Владимир Золоев гана боло алды. Ал 81 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттеште Перу өлкөсүнүн балбанын, андан соң италиялык жана түркиялык балбандарды утуп жарым финалга чыкты. Жарым финалда Золоев япониялык дзюдочуга жеңилип, коло медаль үчүн беттеште дагы япониялык каршылашына утулуп калды. Жыйынтыгында Владимир Золоев мелдештин 5-орунун ээледи.

Золоевден тышкары барган кыргыз балбандар натыйжалуу көрсөткүчтөргө жеткен жок. Отар Бестаев, Асад Масабиров жана Алтынбек Алмаз уулу чейрек финалга чыгуу үчүн беттеште утулуп калса, Артур Те, Эрлан Шеров, Аман Ишенов жана Юрий Краковецкий алгачкы беттешинде эле жеңилүү ызасын тартышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан