Ысык-Көлдө Нива унаасы дарыяга түшүп кетип, жубайлар каза болду

Ысык-Көл облусунда Нива унаасы дарыяга түшүп кетип, жубайлар каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлагандай, кырсык 25-ноябрь күнү саат 14:43 чамасында Ак-Суу районундагы Жыргалаң-Каракол жолунда болгон.

Анда Нива унаасы унаа жолдун 50-чакырымына жеткенде "Жыргалаң" дарыясына түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаа ичинде бараткан бир эркек киши жана бир аял каза болгон. Куткаруучулар унааны суудан чыгарып, каза болгондордун жансыз денесин ошол жерден "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Айрым маалыматтарга караганда, жубайлар тажыяга барып келатканда тумандан улам жолдон чыгып дарыяга түшүп кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Alinur
2018-11-26 10:43:32
Жаман болуптур. Жаткан жерлери Бейиштин бакчаларынан болсун
+6
kechirmeni
2018-11-26 10:49:50
Урматтуу айдоочулар, абайланыздар, эми туман боло берет, анан да мал жайлоодон келип жол чекесинде коп жолугат,унааларга противо туманный сары тустогу фарларды койдуруп алсаныздар андан жакшы.
+11
Umakg
2018-11-26 11:38:09
Бейиштен орун Берсин оомиин
+9
sunai87
2018-11-26 13:00:33
жайлары жаннаттан болсун. окунучтуу
+3
Pchelka85
2018-11-26 15:02:29
Тажыя деген эмне???
-1
sunai87
2018-11-26 15:51:07
Pchelka85,похорон деген
+3
RaHat19
2018-11-26 19:11:36
балдарына уй булосуно терен кайгыруу менен конул айтабыз.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан