Балыкчыда катуу шамал социалдык объекттердин жана турак үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти (сүрөт)

Балыкчы шаарында катуу шамал социалдык объекттердин жана турак үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, 24-ноябрь күнү саат 23:00 чамасында шаарда ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге жеткен шамал катталган. Шамал Лев Толстой атындагы орто мектептин 60 чарчы метр чатырын, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин складынын 7 чарчы метр чатырын, 2 турак үйдүн 230 чарчы метр чатырын жана башка бир нече имараттардын чатырларын учурган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү такталып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zevs
2018-11-26 13:07:25
Balykchyda akcha kop video kamera ozu ornotup algandan kiyin bul nerselerdi onoy ele ondop koyot boluw kerek.
+1
Fortuna1987
2018-11-26 13:15:07
Балыкчынын шамалы шумдук. Бул биринчиси эле эмес. Аркырайт го.
+1
shahlet
2018-11-27 02:23:59
шамал шылтоосу менен дагы канчасыны курсагы майланат. ушундай чатыр болсо учатта.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан