ЖЫЛНААМА, 26-НОЯБРЬ: "Грей мырзанын 50 кыры" тасмасындагы ролу аркылуу актриса катары таанылган британиялык ырчы Рита Ора 28 жашка чыкты

Бүгүн британиялык ырчы жана актриса Рита Ора 28 жашка чыкты. Ал 1990-жылы Югославияда төрөлүп, бала чагы Англиянын Лондон шаарында өткөн. Ал көпчүлүккө "Hot Right Now", "Where's Your Love", "Аnywhere" жана башка ырлары, ошондой эле "Форсаж-6", "Грей мырзанын 50 кыры" тасмаларындагы ролдору менен белгилүү.

Кичинекей кезинен тарта хордо ырдап, мугалимдери ага окуусун театрда улантууну кеңеш беришкен. Рита 14 жашында алгачкы ийгилигин жаратып, продюсер Мартин Терефе менен ырчы катары 2 жылдык келишим түзгөн. Ал эми биринчи чыгармасын Крейг Дэвид менен чогуу аткарып чыгып, ушул эле жылы актриса катары эпизоддук роль ала баштаган.

Рита Ора алгачкы өнөктөшү, ырчы Крейг Дэвидди өз убагында көрсөткөн колдоосу үчүн сыйлай тургандыгын айтып келет.

2008-жылы Рита үчүн жемиштүү жыл болду. Жаш ырчы америкалык жаш таланттарды тарбиялоочу "Roc Nation" компаниясына чакыруу алат. Бирок 5 күндөн кийин америкалык белгилүү рэпер Jay-Z жаш ырчынын ырларын угуп көрүп дароо жактырып, иштешүүнү сунуштайт.

Рита Ора ырчы Jay-Z менен ыр жаздыруу учурунда

2009-жылы Рита Ора Jay-Z менен бирге "Түбөлүк жаш бойдон" ("Young Forever"), андан кийин канадалык рэпер Дрейк экөө "Over" аталышындагы ырларды жаздырып, аткарышат.

Рита Ора рэпер Дрейк менен

Рита Крейг Дэвид менен кайрадан байланышып, "Сенин сүйүүң кайда?" ("Where's Your Love") ырын жаратып, клип тарттырган.

Рита 2011-жылдан тарта өзүнүн жеке ырларын жаздыра баштаган. Алгачкы хит ыры "Hot Right Now" деп аталып, ырчыга болуп көрбөгөндөй атактуулук алып келген. Ушул чыгармасынан кийин Рита Ора өзүн чыныгы атактуу ырчы катары санай баштаган. Ал эми 2012-жылы дагы бир "How We Do" деген ырын угармандарына сунуштаган. Ушул эле жылы анын биринчи "Ора" аталышындагы альбому жарык көргөн. Альбомго кирген ырларынын көпчүлүгү британиялык чарттардын алдыңкы саптарынан түшпөй, угармандарынын сүйүктүү ырына айланган.

2013-жылы ырчы тасмага тартылууга чакыруу алган. Режиссёр Жастин Линдин "Форсаж-6" тасмасында унаа жарыштарда старт берүүчү татынакай кыздын ролун алып, баш каармандар Доминик Торетто менен Летти Ортистин эң биринчи унаа жарышын баштап берет.

Андан кийин "Грей мырзанын 50 кыры" ("50 оттенков серого") фильминде баш каарман Кристиан Грейдин карындашы Миянын образын жараткан.

«Грей мырзанын 50 кыры» тасмасынан кадр

2017-жылы "Элүү кырга күңүртүрөөк" тасмасына тартылса, 2018-жылы ушул эле тасманын үчүнчү "Эркиндиктин элүү кыры" деген бөлүгүндө роль жаратты. Рита Ораны көпчүлүк ушул тасмадагы ролу аркылуу актриса катары тааный баштады.

Ырчынын 2018-жылы жарык көргөн "Anywhere" аталышындагы ыры күйөрмандары тарабынан эң жакшы кабыл алынды.

Мындан тышкары Рита Ора көптөгөн мода дизайнерлеринин сүйүктүү моделине айланып, DKNY, Мадоннанын "Material Girl" сыяктуу маркасынын жарнамалык роликтерине тартылган. Ошондой эле ал британиялык косметикалык "Rimmel" маркасынын жүзү катары таанымал.

Жеке жашоосу

Рита Оранын сүйүктүүлөрүнүн эсебинде атактуулардан америкалык ырчы Бруно Марс, америкалык реалити-шоу жылдызы Роб Кардашьян бар. 2013-жылы май айында ди-джей Кэлвин Харрис менен кыз-жигит катары сүйлөшө баштаган, бирок 2014-жылы экөө эки жолго түшкөнү белгилүү болгон.

2017-жылы көпчүлүккө Рита Ора менен ирландиялык мушкер Конор Макгрегор жакын мамиледе экендиги айтылганы менен, жылдыздар бул маалыматты расмий түрдө тастыктоодон баш тартышкан.

Рита Ора менен Конор Макгрегор

26-ноябрга карата жылнаама.

Рита Ора - "Anywhere" (2018)

28 жашка чыккан ырчы Рита Ора Конор Макгрегордун көңүлүн бурганбы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Steven
2018-11-26 18:22:05
Супер инфо, ушуга окшогон эл тааныбаган эле атактуу болумуштарды, жарым-жылаңач сүрөттөрү менен жаңылык кыла бербесеңер...
-1
karakozum
2018-11-26 18:33:49
Steven, сага жакпаса мага жагат, жакпаса окубай кой да кызыккан учун окуп атасында жанталашып туурабы?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан