Иранда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 500дөн ашты

Ирандын Керманшах провинциясында болгон жер титирөөдөн каза болгондордун саны 500дөн ашты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн провинцияга куткаруучулар, дарыгерлер жөнөтүлгөн. Буга чейин жаратылыш кырсыгынан 360 адам каза болгону кабарланса, жаңыланган маалыматтарда каза болгондордун так саны 550гө жеткени айтылууда. Ал эми жабыркагандардын саны 6 миңден ашкан.

"Бүгүн дүйшөмбү күнү провинцияда жайгашкан мектептер жана университеттер иштеген жок. Куткаруу иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, 25-ноябрда Гилянгарбе, Касре Ширине жана Сере-Поле-Зохабе шаарларында күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Көп өтпөй жер силкинүүлөр кайра кайталанган.





Ирандагы жер титирөө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
madina.87
2018-11-26 13:03:33
Аллах өзүн сакта,тилсиз жоодон.
+4
Umakg
2018-11-26 13:03:35
Кудайым озун сакта
+5
Batma08
2018-11-26 14:52:57
кудааай
0
Aikaaaa
2018-11-26 20:00:52
Мусулман эмес өлкөлөрдө кырсык болсо булар ушуну көрмөк дейбиз. Эми буга эмне дейбиз.
Кудай ушундай жаратылыш кырсыктарынан өзүң сакта
+1
elebes86
2018-11-26 20:07:07
Aikaaaa,
Биздин динчилдер башкача ой жугуртот да. Кырсык динге карабайт.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан