Молдаван улутундагы орусиялык алып баруучу, ди-джей, актриса Виктория Боня 1979-жылы 27-ноябрда Орусиянын Краснокаменск шаарында төрөлгөн. Ал 2 жашында атасы дүйнөдөн кайтып, апасы жалгыз тарбиялаган. 16 жашында апасы менен Москва шаарына көчүп келип, алгач тейлөөчү болуп эмгектенген. Кийин экономика багытында билим алууну каалап, Москва мамлекеттик университетине тапшырып, аны менен катар моделдик бизнеске аралаша баштаган.
2006-жылы "Дом-2" аталышындагы теледолбоорго катышып, реалити-шоунун эң көрүнүктүү жылдызына айланган. Аталган долбоорго 338 күн катышып, андан соң орус телеканалдарынын бирине алып баруучу катары кирген. Ал гана эмес, аз да болсо жүзү таанылып калган Боняны бир канча белгилүү журналдар фотосессияга чакырып турушкан.
Кийинчерээк белгилүү жылдыздардын клиптерине тартылып, көп өтпөй тасма жаатынан да өз күчүн сынап көргөн. Анын катышуусу менен "А мама лучше" фильми 2010-жылы жарык көргөн. Андан кийин "Универ" телесериалында жана башка тасмаларда роль жараткан.
2010-жылдан тарта ирландиялык миллионер Александр Смерфит менен жарандык никеде жашаган. 2012-жылы Анжелина Летиция Смерфит аттуу кыздуу болушуп, бирок 2016-жылы түгөйлөр ажырашып кетишкенин жарыялашкан.
2018-жылы Виктория Боня француз миллиардери Пьер Андюранд менен мамиледе экенин ачыкка чыгарган. Бирок мамиле узакка созулган эмес. Эки башка жолго түшкөндүгүнүн себебин Боня мындайча түшүндүргөн. "Бул жөн гана пиар болчу. Мен Пьер Андюранд менен мамиледемин деп коомго чыкканым үчүн 500 миң доллар алгам", - деген.
Ал эми миллиардер дагы Виктория Боняга жооп иретинде: "Анын айткандары чындыкка дал келбейт. Мен сүйүүбүздүн күч алышы үчүн ага акча берген эмесмин. Бербейт дагы болчумун. Коомчулук мага көңүл буруп, сөз кылганын каалабайм. Виктория жомокту айтып жатат. Ал жалганчы адам", - деп билдирүү жасаган.
Виктория Боня чуудан башы чыкпаган белгилүүлөрдүн катарына кирет. Буга чейин актриса, мамлекеттик ишмер, саясатчы Мария Кожевникова менен өбүшкөн сүрөтү талкуу чордонунан түшпөй келген.
Эми Боня үй кызматкери Лариса Ханиева менен жаңжалдашууда. Актриса социалдык тармактагы баракчасына үй кызматкери 50 миң евро өлчөмүндөгү каражатын уурдап алган деп айыптаган. Ал эми Ханиева бул билдирүүнү четке кагып, актрисаны сотко берерин билдирген.
Учурда Виктория Боня Мальдив аралдарында туулган күнүн утурлай эс алып, кече уюштуруп жүрөт. Кечеге келгендердин арасында 27 жаштагы Италиянын жараны Марко Ферреро бар. Айрым маалымат булактары Боня менен Марко Ферреро кыз-жигит экенин жазып чыгышкан.
27-ноябрдын жылнаамасы.