ЖЫЛНААМА, 27-НОЯБРЬ: "EXO" тобунун рэпери, "Бакыттын вирусу" атка конгон актёр Пак Чан Ёл 26 жашка чыкты

Бүгүн Түштүк Кореянын "EXO" тобунун рэпери, актёр Пак Чан Ёл 26 жашка чыкты. Ал 1992-жылы Сеул шаарында ишкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Бою 186 сантиметр. Ал көпчүлүккө "EXO" тобунун эң көрүнүктүү вокалисти, рэпери катары, ошондой эле "Антифанатыма үйлөндүм", "ЕХО" менин кошуналарым" жана "Жоголгон тогуз адам" сериалдарындагы образдары менен белгилүү.

Өспүрүм кезинде Ричард Линклейтердин "Рок мектеби" музыкалык комедиясын көргөндөн тарта музыкага болгон кызыгуусу арткан. Өзү окуган менчик "Hyundai" мектебинде "Heavy Noise" аталышындагы балдардан турган рок-тобун түзгөн.

Пак Чан Ёл бала чагында кулагынын чоңдугунан уялып чачын узун өстүрүп жүргөн.

2008-жылы Ульсан шаарына барып актёрдук чеберчилик боюнча университеттен билим ала баштайт. Коңур үнү менен көпчүлүктү таң калтырып, музыкалык топторго кошулат. Узун бою, келишимдүү мүчөсү тез эле атактуу ырчы, топтордун клиптерине чыга баштайт. Модель катары сынактарга катышып, алдыңкы орундарды багынткандан кийин KBS2 телеканалынын "Катуу сокку" сериалынан эпизоддук роль алуу менен өзүн актёр катары сынап көргөн.

2010-жылы "Girls’ Generation" тобунун "Жин" ("Genie") деген ырынын клибине тартылган.

2012-жылы "ЕХО" тобуна кабыл алынып, "Апа" ("Мама") ыры менен дебют жасаган.

«ЕХО» тобуна  акыркылардан болуп келгенине карабастан баары менен бат тил табышып кеткен.

"ЕХО-К" тобунун курамында жараткан "ХО-ХО" аттуу альбом 2013-жылдын эң көп сатылган ырлардын катарына кирген. Чан Ёл "ЕХО-К" тобунун курамында ырдоо менен гана чектелип калбастан, "Super Junior-M" тобунун солисти Генри менен бирге "1-4-3 (I Love You)" ырын жазган.

"I Am Korea" телепрограммасынын атайын чыгарылышы үчүн "Биз жолуккан күн" ("The Day We Met") аталышындагы ырды Пекхен жана Чхен менен чогуу аткарган. Ал эми "Super Junior" тобунун ырчысы Йесондун "Мен мындамын" ("Here I am") жеке альбомуна кирген "Моюнга алуу" ("Confession") деген ырында рэп аткарган.

2015-жылы "ЕХО" тобу "Exodus" аттуу экинчи альбомун чыгаргандан кийин аталган топтун катышуусундагы "ЕХО" менин кошуналарым" ("Exo" Next Door") аттуу мини сериал тартылган. Бул сериалда Чан Ёл өзүнүн топтогу жашоосун чагылдырып, ошол эле учурда "Чан-су дүкөнү" теледрамасында образ жараткан.
2016-жылы Пак Чан Ёлду күйөрмандары "Антифанатыма үйлөндүм" деген комедиядагы баш каармандын ролунан көрө алган.

«Антифанатыма үйлөндүм» комедиясынан кадр

"Жоголгон тогуз адам" ("Пропавшая девятка") дорамасында да баш каармандын ролу сунушталып, анда Ли Юль аттуу жоголгон музыканттын образын чагылдырган.

2017-жылы ал кичинекей кезиндеги кыялын ишке ашырып, Орусиянын борбору Москва шаарына келип кеткен.2017-жылы 24-мартта Москва шаарына келип, аэропорттон тосуп турган топтошкон күйөрмандарынын арасында калган.

2018-жылы 1-декабрда Чан Ёлдун катышуусундагы "Альгамбрадагы эсте калган окуялар" ("Memories of the Alhambra") сериалы жарык көрөрү айтылып, күйөрмандары тарабынан күтүлүп жаткан кези.

«Альгамбрадагы эсте калган окуялар» сериалында гитарачы Чон Хи Жунун (Пак Шин Хе) иниси, гениалдуу программист Чон Сэ Жунун ролун ойногон.

Ал эми "ЕХО" тобунун курамында ушул жылдын октябрь айында "Tempo" аталышындагы ыры жарыкка чыкты.

Жеке жашоосу

Пак Чан Ёл бойдок, эч ким менен жакын мамиледе эмес. Ал өзүнөн улуу кыздар менен баарлашканды жакшы көрөт. Анын кыялындагы кыз арык чырай, шайыр, чыдамкай, бою 150-159 сантиметр, музыкадагы табити ага окшош болуусу керек.

Кызыктуу фактылар:

  • Чан Ёл корей жылдыздарынын арасынан "мультиталант" ээлеринин катарына кирет. Себеби ал ырчы, рэпер, бит-боксчу, ырлардын автору, композитор, актёр, алып баруучу жана модель катары белгилүү. Ошондой эле рэпер барабанда, гитарада, бас-гитарада жана фортепианодо мыкты ойнойт.
  • Чан Ёл карындашы Пак Юрага абдан окшош болгондуктан, Инстаграмдагы билдирүүлөрүндө карындашынын фотосун коюп "бул сүрөттөгү Юраны өзүм деп ойлоп алыптырмын" деп жазган.
  • Узун бою бийлөөгө тоскоолдук жаратат.
  • Ар дайым көңүлдүү жүргөндүктөн "Бакыттын вирусу" атка конгон.
  • Эң жакын досу "SHINee" балдар тобунун вокалисти Ким Кибом.

27-ноябрга карата жылнаама.

EXO - Overdose
EXO - love me right
EXO - Monster
Коңур үнү, узун бою, келишимдүү мүчөсү менен күйөрмандарын арбап алган рэпер Пак Чан Ёл
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан