Бишкекте майыптардын эл аралык күнүнө карата "Тагдыр каармандары" аталышындагы поэзия кечеси өтөт

Таанымал акын, жазуучу Мусакун Сатыбалдиевдин, акындар Жумакан Жаркулованын, Сапарбек Муратовдун, Темирлан Ормуковдун жана Гүлбарчын Исаеванын "Тагдыр каармандары" деп аталган поэзия кечеси өтөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, иш-чара 3-декабрь - Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлөт. Аты аталган акындар өздөрүнүн чыгармаларында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо-турмушун, башынан өткөргөн кыйынчылыктарга кеңири токтолушкан.

Чыгармачылык кече 2018-жылдын 29-ноябрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан