Дүйнөлүк Универсиада: Кыргызстан командалык эсепте 26-орунга жылды
Казанда өтүп жаткан Бүткүл Дүйнөлүк Универсиадада
Кыргызстан командалык эсепте 26-орунга жылды. Бул тууралуу мелдештин расмий
сайты жарыялады. Кыргызстандын эсебинде учурда 11 медаль бар. Алар: 2 алтын, 2
күмүш жана 7 коло медалдар. 205 медаль менен Орусия биринчиликти эч кимге
бербей келет. Ал эми Япония 62 медаль менен 2-орунда болсо, 50 медаль алган
Кытай 3-орунда келе жатат.