Ырчы Азалия Кытайда өтө турган "Жер шарынын сулуусу-2018" сынагына барбай калды

"Кыз-Бурак" тобунун мурунку солисти, учурда жеке ырчы катары таанылган Азалия Кытайда өтө турган сулуулар сынагына катышпай калды. Ырчы виза алуу маселесине байланыштуу "Жер шарынын сулуусу-2018" ("Miss Globe-2018") эл аралык сынагына барбай калганын SUPER.KG порталына айтып берди.

"Негизи сынакка катышуу боюнча чакыруу кагазы ноябрь айынын башында келген. Сынак 20-ноябрдан 3-декабрга чейин өтмөк. Уюштуруучулар элчиликке документтеримди тапшырып, виза алганга убакыт кененирээк болсун деп сынакты 24-ноябрга жылдырышкан. Тилекке каршы, виза ала албай калдым. Элчиликтен мага башка документтерди алып кел дешти. Аларды тапшырууга жетишпей калып, сынакка бара албай калдым. Уюштуруучулар менин бара албай калганыма капа болушту. Бирок кийинки жылы өтө турган сынакка чакырарын билдиришти", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Азалия 11-октябрдан 22-октябрга чейин Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өткөн "Miss Cosmopolitan World-2018" сулуулар сынагына катышып, байгелүү орунду камсыздай алган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aida007
2018-11-27 16:41:26
Ушу Азалия сен барбаганын да жакшы болуптур капа болбо бирок татыктуулар эле барсынчы
+7
KAYRATBEK
2018-11-27 16:50:08
Ырас эле болуптур. Виза берилбей калганы Алланын буйругу. Жарым жыланач болуп Кыргызстанды уят кылгандан коро. ХХХХХХХХ кун суукта жылуу уйдо жылуу отур.
+6
Kychtyy
2018-11-27 17:32:17
Кызыга берем ушул сулуулар сынагын макияжы жок откорсо кандай болот болду экен. Тандалбай эле калышса керек. Мисалы бизде отуп жаткан сулуулар сынактарына катышып атышкандар. Кирпик жасатып чач жасатып боенуп эле сулуу боло беришет. Жуунгандан кийин корсон макияжы жок обычный эле уйундогу аялындай. Анан эле фейсбук инстаграмды эле карасан бут эле сулуу
+2
Gulirka
2018-11-27 20:55:48
Хаааахаххахахаха
-2
taalay25
2018-11-27 21:13:26
Койчай
-1
munar1980
2018-11-27 21:28:55
Сулуу деле эмес экен го
+1
Samar90
2018-11-28 08:01:00
Сенден сулу кыздар барбай журот сен оюнун ойнойбер
0
katerina.li
2018-11-28 12:25:20
Барбаганы жакшы брлуптур,мындай кыздар толтура жер жузундо
+1
Kgda
2018-11-28 15:25:30
Мен бир нерсе айтсам капа болот айтпай эле койоюн.
0
barsbegKG
2018-11-29 01:37:59
Сулуулар сынагы адилеттүү тандалдыбы? Виза берилбесе Кытай бизди теңине албайбы??? Же кытайда ийгилик жарата албашына көзү жеткен кыз визаны шылтоолодубу? Ар бирибиз тың бололучу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан