Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков кыргыз шоу бизнесиндеги аттуу-баштууларды чогултту. Тагыраагы, ырчы мырза уулу Адамды сүннөткө отургузса, кызы Ыйманга жентек той берип калың элден бата алды. Той бүгүн, 27-ноябрда Бишкектеги тойканалардын биринде өтүп, ага ырчынын ата журту, кайын журту, тага журту, достору, кесиптештери келишти.
Тойдун башын Мирбек Атабеков балдарына арнаган чыгармасы менен ачты. Залга ырчы мырза кызын, ал эми жубайы Мээрим Төлепберген уулун алып чыкты. Андан кийин залга той ээлеринин апалары чыгып ак тилегин айтышты.
Той 3 бөлүктөн туруп, биринчи бөлүктү Канай Анаркулов алып барып, бул бөлүк каалоо-тилектер менен коштолду. Сөз сүйлөгөндөрдүн арасында Мирбек мырзаны "дүңүнөн той берип жатыпсың" деп тамашага салгандар дагы болду. Каалоо-тилектер менен коштолгон тойдун ортосунда кыргыз эстрада ырчылары чыгармаларын аткарышып, келген меймандар бийге түшүштү.
Ал эми экинчи бөлүктө "тамашоучу", актёр Самат Эркинбеков алып баруучулук тизгинди аркалап, оюн-зооктор ойнотулуп, белектер өз ээлерин тапты. Тойдун үчүнчү бөлүгүн Канай Анаркулов алып барып, кеченин аягында Адам менен Ыйманга арналган торт кесилди.
300дөн ашуун коноктун катышуусундагы тойдо арак-шарап коюлбай адал болду. Атактуу ырчынын тоюнда устукан тартылбаганы өзгөчөлүк жаратты. Бул көрүнүштү барган меймандардын көпчүлүгү колдоп "үлгү алчу той болду"деп баалашты.