Бүгүн белгилүү корей актёру жана модель Чон Жоң Мёң 38 жашка чыкты. Ал 1980-жылы Сеул шаарында төрөлгөн. Жоң Мёң көпчүлүккө "Кош бол, жалгыздык", "Күлчү кыздын эжеси", "Жүрөктөн жүрөккө" дорамаларындагы образдары менен белгилүү.
Мектептен кийин билимин дене тарбия факультетинде уланткан Чон Жоң Мёң актёрдук дебютун 1999-жылы "Мектеп" аталышындагы сериалдан эпизоддук роль алуу менен жасаган. Шайыр мүнөз, жылдыздуу жигит режиссёрлордун көзүнө илинип, "Даярсыңбы?" деген тасмадан роль алат. Ошентип кино жаатына жаңы келген келишимдүү жигитке улам жаңы ролдор сунуштала баштайт.
Эң алгачкы ийгиликти ага 2005-2006-жылдары тартылган "70-жылдардын модасы" ("Мода 70-х") дорамасындагы ролу жана "Кош бол, жалгыздык" ("Прощай одиночество") сериалындагы баш каармандын образы алып келген. Тасмалар жарыкка чыгар замат күйөрман топтоого үлгүргөн актёр жалаң баш каармандын ролуна чакырууларды алып турган. 2006-жылы тартылган "Түлкү, дагы эмнени ойлоп таптың?" аттуу романтикалык комедия жакшы кабыл алынган.
2008-2009-жылдары аскердик мөөнөтүн өтөп келген Чон Жоң Мёң 2010-жылы актриса Мун Гын Ён менен чогуу "Күлчү кыздын эжеси" дорамасында баш каармандын ролун жараткан.
2011-жылы өзүнүн жеке компаниясын ачып, муну менен кошо популярдуу "Дуэт" жана "Адилеттүү адам" дорамаларына тартылат. 2014-жылы "Кайра жанган махабат" ("Перезагрузка") сериалында Ча У Чжинди ойноп, анын каарманы аркылуу кылмышкерлер өлтүргөн сүйүктүүсүн унута албаганы баяндалат. Прокурорлук кесипти аркалап жүргөн кезде сүйүктүүсүнө эки тамчыдай окшош окуучу кыз оор кылмышка шектелип калат. Аны көрүп сүйүктүүсүнүн өлүмүнө күнөөлүүлөрдү издөөнү окуучу кыздын күнөөсүз экендигин далилдөөдөн баштайт.
Ал эми "Жүрөктөн жүрөккө" ("От сердца к сердцу") аттуу сериалда көпчүлүккө аралашуудан корккон Чха Хон До аттуу кыз психологго кайрылат. Ал жерден көйгөйлөрдөн тажап, өз өмүрүнө кол салууну чечкен психологду куткарып калып, экөөнүн ортосунда бири-бирине жактыруу сезимдери пайда болот.
"Кесме жасоонун чебери" ("Мастер: Бог лапши") дорамасында ата-энесинен ажыраган бала каргашалуу окуя тууралуу полицияга айтып берүүнүн ордуна балдар үйүнө барып, Му Мён И деген жаңы ысым менен жашоосун улантууну чечет.
Ал эми 2016-жылы "Кооптуу сүйүү" ("Любовь с риском для жизни") тасмасында баш каармандын образын чагылдырган.
2018-жылдын башында актёр башкы ролду жараткан режиссёр Чон Чжон Хванын "Идеалдуу жигит" романтикалык комедиясы жарык көрдү.
Ушул жылдын 31-октябрынан баштап Чон Жоң Мёң катышкан "Сүйүү тууралуу эскертүү" аттуу дорама кино сүйүүчүлөргө сунушталды.
Жеке жашоосу
2014-жылы актёр чыгармачылыктан алыс чөйрөдөгү 21 жаштагы кыз менен мамиле курганы айтылып, массалык маалымат каражаттарында экөөнүн сүрөттөрү тарап кеткен. Мындай күтүүсүздүккө даяр эмес болгон Чжон Мёндун сүйүктүүсү кадам сайын аңдыган коомдук талкуудан депрессияга кабылып, анын кесепетинен актёр жактырган адамынан кол жууган.
29-ноябрга карата жылнаама.
"Күлчү кыздын эжеси" - Ын Чжо менен Ги Хун