Жалал-Абадда кыздарды сойкулукка мажбурлап иштетип, кордук көрсөтүп жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Криминалдык милиция кызматы оперативдүү маалыматтардын негизинде иш алып барып, Сузак районунун аймагында мыйзамсыз сойкулук уюштурган жашыруун жайды аныктаган. Ал жайдын ээси сойку кыз-келиндерге зомбулук көрсөтүү менен иштетип жүргөнүн аныкташкан.
"Атайын оперативтүү тергөө тобу 26-ноябрь күнү аталган жайга тинтүү жүргүзүп, бир топ далилдерге кошо сойкулук менен алектенген кыздарды жана аларды иштетип жүргөн ээсин аныкташты. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) менен кылмыш иши козголду", - деп билдирди маалымат кызматтан.
Алгачкы сурак учурунда жашыруун жайды уюштурган аял кыздарды жумуш таап берем деп алдоо жолу менен алып келгенин айткан. Ал кыздарды жер үйдөгү короодон эч жакка чыгарбастан камап, сойкулукка мажбурлаган. Жабыр тарткан 3 кыз кордукка кабылгандыгын билдирип облустук милицияга арыз жазышкан. Учурда тергөө иштери улантылууда.