"Супер хитке" Нурмат Садыровдун "Жүрөк ээси, эркеси" чыгармасы кошулду

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Нурмат Садыровдун "Жүрөк ээси, эркеси" чыгармасы кошулду.

21-НОЯБРДАН 28-НОЯБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын аткаруусундагы "Бакытымсың" клиби эң аз добушка ээ болуп сынактан четтетилди.

9-орунда - Жийдеш Идирисованын "Наринай" видеокомпозициясы жайгашкан.

8-орун - Ильяз Абдыразаковдун "Ай, жеңеке" чыгармасына буюрган.

7-орунду - Добрдун "Бир айым" аталышындагы чыгармасы камсыздаган.

6-орунду - 60`K тобунун "Мерез жүрөк" видеокомпозициясы ээлеген.

5-орунда - Кайрат Примбердиев жана Бегиштин "Барам кечинде" клиби жайгашкан.

4-орунду - Мажиттин аткаруусундагы "Адашпа" чыгармасы камсыздаган.

3-орун - Данияр Эрматовдун "Бир туугандарым" видеокомпозициясы алдыңкы үчтүктөн орун алган.

2-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Гүлзат Мамытбектин "Кыргызым менин" клибине буюрган.

1-орун - Аваз Акимовдун "Балалыкка кетеличи, апаке!" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан