Бишкекте жеңил унаа менен маршруттук такси сүзүштү

Бүгүн, 28-ноябрда борбор калаада жеңил унаа менен маршруттук такси сүзүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жол кырсыгынын күбөлөрү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы саат 09:50 чамаларында 7-апрель көчөсү менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Анда Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа менен Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү маршруттук такси сүзүшкөн.

Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес. Учурда эки унаа тең айып жайга токтотулуп, жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан