Жалал-Абадда аныкталган сойкуканадагы аял: "Кожойкебиз сабап жүрүп бир көзүм көрбөй калды, бутума бычак сайган"

Буга чейин Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы Сузак районунун аймагында мыйзамсыз сойкулук уюштурган жашыруун жай аныкталгандыгы жана ал жайдын ээси кыз-келиндерге кордук көрсөтүп жүргөндүгү тууралуу маалымдалган.

Маалымат кызматы берген видеодо ал жайда интимдик кызмат көрсөтүп келген аял анын 2 баласы бар экенин, 2009-жылдан бери сойку болуп иштеп жүргөндүгүн айткан.

"Мен 2009-жылдан бери иштейм. Алгач трассада иштечүбүз, кийин үй алганда ошол жакка барып иштеп баштадык. Кардарлар үйгө келчү. Биз короодон эч жакка чыкчу эмеспиз. Күндө таңкы саат төрттө туруп иштеп баштачубуз. Короолорду шыпырып, муздак сууга кир жууп анан кардарларды тейлечүбүз. Дайыма ар кандай нерселер менен уруп "өлтүрүп коём деп" коркутчу. Отуруп чай ичейин деп калсаң "сен ашыкча нан жеп койдуң, семирип кеттиң" деп кемсинткен сөздөрдү айтчу. Башымды көп жолу жарды", - деп билдирген ал.

Ошондой эле ал күндө ур-токмок жей берип психикалык жактан жабыр тарта баштаганын кошумчалаган.

"Сени өлтүрүп, бир жакка алып барып көмүп коём. Сенин эч кимиң жок издей турган" деп эле көргөн сайын ура берчү", - деп кошумчалаган анда кызмат көрсөткөн аялдардын бири.

Ал эми кармалгандардын дагы бири аны ал жакта күч менен кармашканын жана ур-токмоктун айынан анын бир көзү көрбөй калганын айткан.

"Бейтааныш таксинин айдоочусу жумуш издеп жүргөнүмдү билип мени бул жакка алып келип таштап койгон. Келгенде денеңди сатып иштейсиң деди. Менин иштебейм дегениме көнүшкөн жок. Алар менин психикалык жактан жабыр тартарымды билишчү. Кардарларга эч нерсе айтпа алар милиция кызматкерлерине айтып салышат дешкен. Былтыр бутума бычак сайып, бизди жамандасаң өлтүрүп коём деп коркуткан", - деген ал.

Сузакта кармалган сойкулардын баяны
Сойкуканадагы зомбулук
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Fortuna1987
2018-11-28 13:42:29
Тобоо, зына жолуна барган эркектер коп болгонунан ушундай иштер болууда.
+11
uli1234
2018-11-28 13:45:20
Кино болуп кеткенго бул жагы. Кинодон гана көрчү элек мындайларды.
+5
Respect.
2018-11-28 13:53:52
10 жылдан бери иштеп эми ал жерди органдар басып алганда арызданып калыш керек экен да..

Аялдардан амал качып кутулбайт, ушуга окшогон өмүрү тааныбаган зөөкүрлөрдү неге арызданбайсыңар, анан өмүрлүк жолдошуңар кичинеле какыс кукыс кылып койсо "кызымы зордуктаган" дегенге чейин барасыңар...
+7
Agayu
2018-11-28 13:56:06
Кыргызстан качан онолот айтайынбы туугандар ! Качан калк онолсо , качан элдин ан сезими , Аллах Тааладан коркуп журогундо ыйман толуп , бир гана озуно эмес , башкаларга да жакшылык кааласа , эл бири бири менен урмат сый менен жашаса , ар адам оз ордун билсе ( дирокторбу , президентпи , чабанбы , каролчубу ) ошондо гана Кыргызстан онолот ! Мынага окшогон эшектердей адамдар толтура , ачылганы аз ачылбаганы толтура !! Чындык такыр жашабайт Кыргыз элинде )) Чындыкта жашасан элден чыгасын болуносун.
+15
katerina.li
2018-11-28 14:25:10
Бироосу эки бала тороптур,врачка барып торогондурда,кантип эле качканга мумкунчулук болгон жок тогуз жылда??? Чо то ишенбей калдым
+8
Dembele84
2018-11-28 15:50:57
Качан иштеген жери билинип калганда урду тепти деп айтып чыгыш керек экенда.Сойку болуп иштейсин деп мажбурлаганда эле сразу качып чыгып арызданганында ишенмекмин.9жыл оной акчага кызыгып иштеп жургон да эч нерсеге карабай...
+7
Aikaaaa
2018-11-28 17:41:39
Сөз жок, эмне деп айтышты билбейсиң. Кимиси калп да кимиси чын...
Не суди, не судимым будешь дечү беле
+1
Janna07
2018-11-29 07:55:57
Ушундай катындар сойку болуп жургондоруно туптуз оздору куноолуу, кантип эле 9 жылда качып чыгалбайт, жалганынды токтотта намаз окуп куноолорунду жуу
0
XATSAN125
2018-11-29 14:48:30
Соз жок соз жок просто
Супер ошол аялдын рожасын коргозбойсунорбу эл коруп таанып алсын дегендей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан