АКШнын улуттук киносынчылар кеңеши жылдын мыкты тасмасын атады

АКШнын улуттук киносынчылар кеңеши жылдын мыкты тасмасын атады. Бул тууралуу кеңештин интернеттеги расмий баракчасында жарыяланды.

Сынчылардын чечими менен "Мыкты тасма" деп "Жашыл китеп" аталган, ал эми тасмада башкы ролду жараткан Вигго Мортенсен "Мыкты актёр" деп табылган. Айымдардын арасынан "Мыкты актриса" наамына "Жылдыз төрөлдү" тасмасындагы башкы каарман Леди Гага татыган.

"Мыкты анимациялык тасма" номинациясында жеңишти "Супер үй-бүлө" мультфильми камсыздаса, "Мыкты сценарист" наамына "Биринчи реформаторлук чиркөө" эмгеги үчүн Пол Шредер сыйланган.

Сыйлык тапшыруу аземи 2019-жылы 8-январда Нью-Йорк шаарында өтөт.

АКШнын улуттук киносынчылар кеңеши - таасирдүү мамлекеттик эмес уюмдардын бири. Кеңеш 1909-жылы түзүлгөн. Жыл сайын январь айында киноиндустрия жаатында өзгөчөлөнгөн адамдарга сыйлык тапшырып, жылдын мыкты тасмасын аныктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан