Дүйнө жүзүндөгү эң көп киреше тапкан жаш жылдыздар аталды

Белгилүү Forbes басылмасы дүйнө жүзүндөгү эң көп киреше тапкан 30 жашка чейинки жылдыздарды атады. Бул тууралуу басылманын расмий сайтында жарыяланды.
1. Эң көп киреше тапкан жаштардын арасында биринчи сапты Ким Кардашьяндын сиңдиси модель Кайли Женнер ээлеген. 21 жаштагы моделдин бир жылдык кирешеси 166 миллион 500 миң доллар түздү. Мындай кирешенин эң негизги булагы "Kylie Cosmetics" косметикалык каражаттар фирмасы.

2. Экинчи орунда 27 жаштагы музыкант Эд Ширан жайгашкан. Анын жылдык кирешеси 110 миллион долларды түзүп, ал акчалардын көп пайызын дүйнө жүзүн кыдырып берген концерттеринен табат.

3. Көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө ээ болгон футболчу Неймар 3-орунда. Жашы 26да, жылдык кирешеси 90 миллион доллар. Негизги кирешени "ПСЖ" футболдук клубу менен болгон келишим алып келет. Мындан сырткары Nike и Red Bull фирмаларынын жарнамаларына тартылып акча табат.

4. 28 жаштагы АКШлык ырчы Тейлор Свифттин жылдык кирешеси 80 миллион доллар болду. Мындай кирешени ал альбомдорун сатуу жана дүйнөлүк турларга чыгуу менен табат.

5. Канадалык музыкант TheWeeknd 5 сапка жайгашты. Анын жыл ичинде тапкан кирешеси 57 миллион долларды түздү. Ырчы концерттик турлардан H&M, Puma и Bacardi бренддери менен болгон жарнамалардан киреше табат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
RusMos76
2018-11-29 12:09:13
Самара Каримова, Анжелика?
0
Odik11
2018-11-29 15:18:00
Анжелика окубасын Самаш экоо, Макрегор кана 99 млн киреше менен?
0
Abdullatif
2018-11-29 19:05:34
Odik11,30 жашка чейин деп турат. Макгрегор 30 дан ашкан болуш керек
+1
Matahara1980
2018-11-29 16:48:53
Tobo Samara menen Anjelika jonundo soz bolup ataby, ozunor ele kaalap turasynar, Samara Anjelikasyz jashoonor jok nemeche andyp, obezatelno ushu eki kyzdyn koorosuna tukurup otush kerek da kykemder kaida bolbosun
0
talaa11
2018-11-30 00:44:31
Менин Бир жылдык кирешем 400мин сом мага болот ушул баардыгына жетет шугур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан