Орусиялык алып баруучу, журналист Тина Канделаки 16 жаштагы уулуна 100 миллион рублдук хан сарай белек кылды

Орусиялык белгилүү алып баруучу, продюсер Тина Канделаки 16 жаштагы уулуна 100 миллион рублдук (104 миллион 146 миң 350 сом) хан сарай белек кылды. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, алып баруучу кымбат баалуу белекти уулунун туулган күнүнө тартуулаган.

Аталган хан сарай Москвада жайгашып, жалпы аянты 340 чарчы метрди түзөт. Маалым болгондой, Канделаки уулу Леонтийге белек кылган үйдү бир канча жыл мурун алып койгон. Леонтий аскердик окуу жайды аяктагандан кийин апасы үйдү мураска калтырууну туура көргөнүн билдирген.

Тина Канделакинин өзүнүн Москванын Крылатск районунда жана Украинада хан сарайлары бар.

Алып баруучу 1997-жылы Андрей Кондрахин аттуу сүрөтчү жана ишкер менен таанышып, экөө 2 жыл сүйүү мамилесинде болуп, үйлөнүшкөн. Ортосунда Мелания аттуу кызы жана Леонтий деген уулу бар. Бирок жолдошу менен 11 жыл жашаган соң ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам 2010-жылы расмий түрдө ажырашып кеткен. Ал эми 2015-жылы Василий Бровко аттуу ишкерге турмушка чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ekaterinburg
2018-11-29 11:00:34
Бар экен,белек кылып атат да.Болсун.Мен балама"велик"алып бере албай журом го))
+16
Lintel
2018-11-29 14:16:09
ekaterinburg, Ийгилик сизде да болот сизда баланызга коп белек бересиз
+6
ekaterinburg
2018-11-29 15:48:44
Lintel,рахмат.Оозуна май))
+1
OMURBEK.
2018-11-29 16:20:32
ekaterinburg,
Сиз капа болбоңуз балаңызга жакшы
Тарбия берген болсоңуз ошол
Хан сарайдан улук тураар
Ойлойм ошол чоң белек
+4
Samina007
2018-11-29 12:40:05
Урматтайм ушул аялды.күчтүү россиядагы матч твнын директору.
0
Antalyamanavgat
2018-11-30 01:10:43
Путинге окшошуп кетет го бир карасаң
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан