Казань шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк универсиаданын алкагында бүгүн, 15-июлда кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбандары беттеш өткөрөт. Таймаштар 55 килограммга чейинки, 66 килограммга чейинки, 84 килограммга чейинки жана 120 килограммга чейинки салмактагы спортчулар арасында өтөт. Кыргыз спортчуларынын атаандаштары төмөнкүлөр:
Жанарбек Кенжеев - Юки Сузуки (Япония) 84 килограммга чейинкилер
Мурат Рамонов - Игорь Дидык (Украина) 120 килограммга чейинкилер
Элдияр Бегалиев - Ширзад Бехештитала (Иран) 55 килограммга чейинкилер
Жакшылык Эмилбеков - Петтери Мартикайнен (Финляндия) 66 килограммга чейинкилер