Аты-жөнү: Нелли Фуртадо ( Nelly Furtado ),
Туулган жери: Канададагы Виктория шаары,
Төрөлгөн жылы, күнү: 1978-жыл, 2-декабрь,
Жылдыз белгиси: жаачы,
Бою: 159 сантиметр,
Үй-бүлөлүк абалы: кызы бар. Күйөөсү менен ажырашып кеткен.
Жупуну үй-бүлөдө төрөлүп, 4 тилде сүйлөгөн
Канадалык ырчы, продюсер, актриса Нелли Фуртадо бүгүн, 2-декабрда 40-жашка толду. Ал Канаданын Виктория шаарына Португалиядан көчүп келген жөнөкөй түгөйлөрдүн үй-бүлөсүндө туулган. Апасы мейманканада жумушчу болуп иштесе, атасы курулушта иштеген. Анын эжеси жана агасы бар.
Алар жашаган шаарга Европа, Азия, Африкадан келген эмигранттар жайгашкандыктан Нелли бала чагынан эле португал, испан, хинди жана англис тилинде эркин сүйлөп чоңойгон. Ата-энеси дин жолунда болгондуктан кызын чиркөөгө ээрчитип барышып, 4 жашында ошол жакта ырдап, талантын көрсөткөн.
Музыка
Нелли Фуртадо мектепте окуп жатканда эле тромбон, гитара, 6 кылдуу гитара жана фортепианодо ойноону үйрөнө баштаган. Мектепте мыкты окуп, маданий, коомдук иштерге активдүү катышкан. 12 жашында өзү жазган ырын мектептеги жаз-музыкалык тобу менен аткарып берген. Ал анда рэп жана хип-хоп жанрларын жактырып, бул жаатта баарын оңой жана жагымдуу аткарган.
17 жашка чыкканда ал Торонто шаарына кетип, жаңы эле ырдап баштаган ырчы өзү "Nelstar" аттуу музыкалык топту негиздеген. Фурдато топ ырдап чыккан трип-хоп стилиндеги ырларды өзү жазып, чыгарып турган. Бирок аталган топ ага атактуулукту алып келген эмес.
Жаш ырчы бийкечке ийгилик күтүүсүздөн келген. Торонто шаарында өткөн жаш аткаруучулардын сынагына катышып, бирок жеңишке ээ боло алган эмес. Анткени менен анын чыгармачылыгын толук ачып бере турган продюсерлер Жеральд Итан жана Брайан Уэст менен таанышкан.
Продюсерлер чоң талант катылып жаткан адам менен келишим түзгөнүн үчөө биргеликте 1-альбомун чыгаргандан кийин түшүнүшкөн. 2000-жылы "Мен куш сыяктуумун" деген аталышындагы альбому чыгып, ал "Грэмми" сыйлыгына татып, бир нече өлкөдө "Жылдын мыкты ыры" деп табылган. Мындан кийин Неллинин жылдызы жанып, атактуулугу арта баштаган.
Андан кийин "Folklore" деген альбому чыгып, бул өзү күткөндөй ийгиликти алып келген эмес. Буга байланыштуу Нелли Фуртадо хип-хоп жылдызы Тимбалэнддин жетекчилигинин алдында 2006-жылы 3-альбомун иштеп чыккан.
Ал дароо эле жергиликтүү хит-параддын сап башына чыккан. 2007-жылы бул альбому эң көп сатылган альбом деп табылган. "Promiscuous", "Maneater" жана "All Good Things" ырлары "Say It Right" жана "Do it" клиптери дүйнөгө тараган. Ага удаа эле ырчы 4-5-6-альбомдорун чыгарып, баары ал күткөн ийгиликтерди алып келип турган.
Нелли Фуртадо ырчылыктан тышкары өзүн тасма талаасында да көрсөтө алган. 2007-жылдан баштап "C.S.I.: Нью-Йорк кылмыш орду" сериалында, "Макс Пэйн", "Хоккейный мюзикл» тасмаларында роль жараткан.
Жеке жашоодо
Нелли Фуртадо 2000-жылдан кийин Жаспер Гэхания аттуу музыкантка турмушка чыккан. 2003-жылы ырчы кыз төрөп, экөө жаңы баш кошкон кезде эс алып келишкен Кариб аралындагы Невис деп аталган аймактын атынан аташкан.
Бирок Невис төрөлгөндөн көп өтпөй түгөйлөр ажырашып кетишкен.
Андан кийин 2008-жылы үн режиссёру Демасио Кастельонго турмушка чыккан. Экөө чогуу 8 жыл жашагандан кийин ажырашып кетишкен. Нелли менен Демасио балалуу болушкан эмес.
Нелли Фуртадо дээрлик 10 жылга жакын убакыт чыгармачылыгын токтоткон. Муну көптөгөн маалымат булактары анын турмушка чыккандыгы, кызына көбүрөөк көңүл бурууну туура көргөндүгү менен байланыштырышкан.
Бирок экинчи күйөөсү менен ажырашкандан кийин Нелли Фуртадо сахнага кайтып келген. Ал алгачкы сахнага чыккан жылдары бою 1 метр 59 сантиметр, салмагы 49 килограмм болгон. Анын арык чырай келбетине көптөгөн күйөрмандары көнүп калган эле. Бирок ырчы чыгармачылыгына көп жылдардан кийин кайтканда анын мүчөсү мурункудан өтө өзгөрүп кеткенин көрүшкөн. Бирок анын аткаруучулук чеберчилигине, ырларына маани берген күйөрмандары кандай болсо ошол бойдон сүйүү менен кабыл алышкан.
2-декабрга карата жылнаама.