SUPER.TV: "4 жыл көчө шыпырып иштеген Нурдөөлөт Копоев ырчы Мээрим Карыпова менен бирге эски жумушуна кайтты"

SUPER.TV'нын кызыктуу берүүлөрүнүн бири болгон "Жылдыздар кесибин алмаштыраттын" кезектеги каармандары актёр Нурдөөлөт Копоев менен ырчы Мээрим Карыпова.

Алар борбордогу көчөлөрдүн бирин шыпырып, шаардын тазалыгына аз да болсо өз салымдарын кошту. Таңга жуук ишке киришкен актёр менен ырчы берилген тапшырманы кызыктуу маектешүү менен кошо аткарышты. Копоев мындан бир нече жыл мурун Орусияда көчө шыпырып 4 жыл иштегенин, ошол күндөрү эске түшүп жатканын айтты. Берүүнүн соңунда алар күн сайын бул жумушту аткарып жүргөн жумушчулардын түйшүгүн жон тери менен сезишкенин белгилешип, шаардын жашоочуларын тазалыкты сактоого чакырышты. Нурдөөлөт Копоев менен Мээрим Карыпова бул таңда жолдон акча таап алышты. Толугу менен видеодон көрүңүз.

4 жыл көчө шыпырып иштеген Нурдөөлөт Копоев ырчы Мээрим Карыпова менен бирге эски жумушуна кайтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Fortuna1987
2018-11-29 22:05:22
Азасат Копоев.
+2
fanatka19
2018-11-30 08:39:59
Роза Шакирова Гулнур Сатылганова Салима Балтаева Азиза Абдиева Эрмек Нурбаевтерди кутом.
+2
fanatka19
2018-11-30 08:40:40
Сериялдай кутуп корчу болдук ушул беруунорду азаматсынар Супер Инфо.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан